# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №227 "«Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №227 "«Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92587>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14691/edition/385739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92587.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №227 "«Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (16.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92587

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 16-майы № 227 «Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун 21-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А. Атамбаев

Долбоор Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене. Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин. 3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
