# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №220 "Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №220 "Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 220
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92580>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14685/edition/385749/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92580.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №220 "Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (16.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92580

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 16-майы №220 "Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө

1-берене.

Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасы кошулсун.

2- берене

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп эсептелген Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун Секретариатына депонирлесин.

3- берене

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
