Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 16-майы №220 "Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө
1-берене.
Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасы кошулсун.
2- берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык коргонуу уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп эсептелген Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун Секретариатына депонирлесин.
3- берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 011-жылдын 23-июнундагы № 715-V "Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык Коргонуу Уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.06.2011 · № 715-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-июнундагы № 716-V "Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык Коргонуу Уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.06.2011 · № 716-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-июнундагы № 717-V "Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Жарандык Коргонуу Уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.06.2011 · № 717-V
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон