# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №213 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №213 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92573>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14678/edition/656665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92573.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №213 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (06.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92573

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-июлу № 446 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-майы № 213 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V " 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтү төмөнкүдөй узартылсын:

- 60 жашка чейинки курактагыларга 2011-жылдын 31-декабрына чейин;

- 60 жаштагы жана андан жогорку курактагыларга мөөнөтсүз.";

- 2-пунктта:

экинчи абзацтагы "2010-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын; үчүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын; төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- жарактуулук мөөнөтү ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык узартылган, Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту 2012-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга чыгуу үчүн жараксыз, буга Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуулук мөөнөтү аяктай элек паспорттору кирбейт.";

- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пункттагы "2010" деген цифралар "2011" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулушу, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн".

2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр

А.Атамбаев
