Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-апрели № 199 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8 392-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 7-берененин 2-бөлүгү төмөнку редакцияда берилсин:
«2. Пенсиянын базалык бөлүгү - Ушул Мыйзамда белгиленген камсыздандыруу стажы бар жана ушул Мыйзамда каралган башка шарттарга жооп берген адамдарга пенсиянын мамлекет тарабынан кепилденген бөлүгү. Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен бардык түрдөгү пенсиялык камсыздандыруу өлчөмү үчүн бирдиктүү белгиленет.».
2. 13 -берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин.
«1. Жаш курагы жана майыптыгы боюнча пенсияларга эсептик көрсөткүчкө карата пайыздарда төмөнкүдөй кошумча төлөөлөр белгиленет:
а) согуш ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга:
I топтогуларга - эсептик көрсөткүчтүн 175 пайызы өлчөмүндө; II топтогуларга - эсептик көрсөткүчтүн 150 пайызы өлчөмүндө; III топтогуларга жана согуштун катышуучуларына - эсептик көрсөткүчтүн 100 пайызы өлчөмүндө;
б) 1930-1950-жылдары саясый жүйөлөр боюнча репрессияланган, негизсиз түрдө кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана кийин акталган жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн 150 пайызы өлчөмүндө;
в) көрүүсү боюнча I топтогу майыптарга - эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө;
г) 1986-1989-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга калк көчүрүлгөн зонанын чектеринде катышкан (анын ичинде убактылуу жиберилгендерге же командировкага жиберилгендерге) же ушул мезгилде Чернобыль АЭСинин башка жумуштарында иштеген, эксплуатациялоодо же жарандык жана аскердик багыттагы башка атомдук объектилерде жабыр тарткан адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн 50 пайызы өлчөмүндө;
д) жаш курагы боюнча жана майыптыгы боюнча пенсия алган 80 жашка толгон пенсионерлерге; «Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору» же «СССРдин Ардактуу донору» деген төш белгиси менен сыйланган адамдарга; I топтогу майыптарга, ошондой эле бирөөнүн жардамына муктаж болгон II-топтогу жалгыз бой пенсионерлерге-эсептик көрсөткүчтүн 100 пайызы өлчөмүндө;
е) экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундарга-эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө;
ж) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана» Ленинградды коргоо үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана» Блокададагы Ленинграддын жашоочусу» белгиси менен сыйланган адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө.».
3. 22-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Пенсиянын базалык бөлүгү (өткөн жыл үчүн республикада иш жүзүндө түзүлгөн) орточо айлык эмгек акынын 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлде кармалып турат.».
4. 23-берененин 6-бөлүгүндөгү «23» саны «50» санына алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 554-V "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу"…Постановление · 09.06.2011 · № 554-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-июнундагы № 735-V "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу"…Постановление · 23.06.2011 · № 735-V
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 06.05.2017 · № 77
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон