# Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2676/edition/381201/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92553.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 токтому менен бекитилген) (09.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92553

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1. Менчигинин түрүнө, ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук уюмдардын жана өндүрүштө иштеген алардын түзүмдүк бирдиктеринин (мындан ары - уюм) жетектөөчү кызматкерлерин, адистерди жана кызматчыларды (мындан ары - кызматкерлер) аттестациялоо ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.

Аттестациялоонун максаты - кызматкердин кесиптик билимдеринин жана көндүмдөрүнүн ээлеп турган кызматына шайкеш келишин аныктоо, кесиптик чеберчилигинин жана квалификациясынын өсүшүнө түрткү берүү, чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуу, кызмат боюнча көтөрүү.

2. Аттестациялоо үч жылда бир жолу өткөрүлөт.

Кезектеги аттестациялоого төмөнкү кызматкерлер киргизилбейт:

- ээлеген кызмат ордунда иштегенине бир жыл жете электер;

- окуу жайларын аяктагандан кийин жаш адистер;

- кош бойлуу аялдар жана баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн адамдар, буларды аттестациялоо өргүүдөн чыккандан бир жылдан кийин гана жүргүзүлөт;

- окууну аяктагандан кийин бир жылдын ичинде квалификациясын жогорулаткандар жана кайра даярдоодон өткөндөр.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 26-главасына ылайык аталган Жобо уюмдардын жетекчилерине колдонулбайт.

II. Аттестациялоону өткөрүүнү уюштуруу

4. Аттестациялоону өткөрүү үчүн:

- аттестациялык комиссия түзүлөт;

- аттестациялоо өткөрүүнүн графиги бекитилет;

- аттестациялоодон өтө турган кызматкерлердин тизмелери түзүлөт;

- аттестациялык комиссия үчүн зарыл документтер даярдалат.

5. Аттестациялык комиссия төрагадан, катчыдан жана комиссия мүчөлөрүнөн турат. Аттестациялык комиссиянын курамына кадрлар маселеси боюнча жетекчинин орун басары, кадрдык жана юридикалык кызматтардын, кызматкерлердин кесиптик бирлигинин же башка өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү киргизилет.

Аттестациялык комиссиянын курамы, анын ишинин графиги, мөөнөттөрү жана тартиби кызматкерлердин кесиптик бирлигинин же башка өкүлчүлүктүү орган менен макулдашуу боюнча уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Комиссия мүчөлөрү алар иштеген бөлүмдүн кызматкерлери менен чогуу жалпы негизде аттестациялоодон өтөт. Комиссия мүчөсүнүн милдеттерин аткаруу комиссия мүчөсү аттестациялоодон өтүү мезгилинде токтотулат.

6. Комиссиянын негизги функциялары:

- кызматкерлерди аттестациялоо программасын бекитүү;

- аттестациялоонун түрүн жана анын өткөрүү формаларын аныктоо (билимдерин жазуу жүзүндө, компьютердик тестирлөө же оозеки текшерүү менен);

- аттестациялануучу кызматкердин жоопторунун толуктук жана жетиштүүлүк критерийлерин бекитүү;

- аттестациялоо жол-жобосун уюштуруу жана өткөрүү;

- аттестациялоонун натыйжаларын карап чыгуу жана бекитүү;

- кызмат боюнча жогорулоо маселелери боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды даярдоо.

7. Аттестациялоо өткөрүү графиги кадрдык кызмат тарабынан түзүлөт. Аттестациялоо өткөрүү графигинде аттестациялоодон өтө турган кызматкерлердин бөлүмүнүн аталышы, аттестация өткөрүүнүн күнү жана убактысы, аттестациялык комиссияга керектүү документтерди берүү күнү көрсөтүлөт. График аттестациялануучу кызматкерлерге аттестациялоо башталаардан бир айдан кем эмес мөөнөттө маалымдалат.

8. Аттестациялануучу ар бир кызматкерге аттестациялоо башталаардан эки жумадан кеч эмес мөөнөттө аттестациялык комиссияга мүнөздөмө (пикир) берилет, ага жетекчи кол коет жана мурунку аттестациялоо маалыматтары менен аттестациялоо баракчасы тиркелет (1, 2-тиркемелер). Аттестациялана турган кызматкер аттестациялоого чейин бир жумадан кеч эмес мөөнөттө өзүнө берилген мүнөздөмө (пикир) менен таанышуусу керек.

Аттестациялык кызматкер өзүнө берилген мүнөздөмө (пикир) менен макул болбогон учурда анын арызы боюнча кызматкерди аттестациялоону комиссиянын кезектеги жыйынына которууга укуктуу. III. Аттестациялоону өткөрүү

9. Аттестациялоо аттестациялана турган кызматкердин катышуусунда жүргүзүлөт.

Кызматкер комиссиянын жыйынына келбей калган учурда аттестациялоо комиссиянын кезектеги кийинки жыйынына жылдырылат. Аттестациялык комиссия берилген документтерди карап чыгат, аттестациялануучунун аткарып жаткан иши жөнүндө угат. Ага иштиктүү жана өздүк сапаттарынын мүнөздөмөсүн анын тикелей жетекчиси берет. Аттестациялык комиссия аттестациялоону калыс өткөрүү максатында, аттестациялануучу кызматкер тарабынан берилген анын өткөн мезгилдер үчүн кызматтык иши жөнүндө кошумча маалыматтарды карайт.

10. Аттестациялануучу кызматкердин кесиптик жана өздүк сапаттарын талкуулоо анын кызматтык милдеттенмелерине жана ыйгарым укуктарына карата калыс жана жагымдуу маанайда болушу керек.

Кызматкердин кызматтык ишин баалоо анын ээлеген кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарга шайкеш келишине, анын коюлган милдеттерди чечүүдөгү ишинин жыйынтыктарын аныктоого негизделет. Ошондой эле, кесиптик билимдери жана иш тажрыйбасы, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо, мурдагы аттестациялоонун сунушу, чыгармачылык активдүүлүгү жана демилгеси эске алынат. Кызматкерлердин кызматтык ишин баалоодо алардын эмгегинин натыйжалуулугуна эмгектин уюштуруу-техникалык шарттары таасир көрсөтөөрүн эске алуу зарыл (3-тиркеме).

11. Аттестациялык комиссиянын жыйыны ага мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Комиссия мүчөлөрү жок учурда аны алмаштырууга жол берилбейт.

Аттестациялануучу кызматкердин кесиптик жана өздүк сапаттарын баалоо жөнүндө чечим, ошондой эле аттестациялык комиссиянын сунуштары аттестациялануучунун катышуусуз аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйынына катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык же жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болуп калса, аттестациялануучу кызматкер ээлеген кызмат ордуна ылайык деп таанылат.

12. Аттестациялык комиссия аттестациялоонун натыйжалары боюнча уюмдун жетекчисинин кароосуна кызматкердин кызмат ордунан жогорулатуу жана төмөндөтүү жөнүндө, үстөк акыны өзгөртүү жөнүндө, көтөрүлүүгө резервге киргизүү жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.

13. Аттестациялоонун натыйжалары боюнча кызматкерге төмөнкү баалардын бири берилет:

- ээлеген кызмат ордуна ылайык келет;

- ээлеген кызмат ордуна ишин жакшыртса жана аттестациялык комиссиянын сунуштарын аткаруу менен бир жылдан кийин кайталап аттестациялоодон өтүү шартында ылайык келет;

- ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт.

IV. Аттестациялоонун жыйынтыгын чыгаруу

14. Комиссиянын жыйыны протокол менен таризделет (4-тиркеме). Аттестациялоонун натыйжалары кызматкердин аттестациялоо баракчасына киргизилет жана төрага, катчы жана комиссия мүчөлөрү кол коюшат.

Кызматкерге таанышуу үчүн аттестациялоо баракчасы берилет. Комиссиянын жыйынынын протоколдору, аттестациялоо баракчалары жана аттестациялоодон өткөндөрдүн мүнөздөмөлөрү уюмдун кадрлар бөлүмүндө сакталат.

15. Аттестациялоонун материалдары ишкананын, мекеменин, уюмдун жетекчисине (мындан ары - жетекчи) ал өткөрүлгөндөн кийин бир жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен берилет.

Жетекчи аттестациялоонун натыйжаларын эске алуу менен төмөнкү чечимдерди кабыл алат:

- кызматкерди кызмат ордунан жогорулатуу (төмөндөтүү) жөнүндө;

- кызматкерге кезектеги квалификациялык разрядды ыйгаруу жөнүндө;

- кызматтык маянасына үстөк акыны жогорулатуу же төмөндөтүү тарабына өзгөртүү жөнүндө;

- кызматкерди жогору турган кызмат ордуна көтөрүү жөнүндө.

16. Кызматкер ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт деп таанылган учурда ал квалификациясын жогорулатууга, кайра даярдоого же өз макулдугу менен башка кызмат ордуна которулат.

Кызматкер кайра даярдоодон же башка кызмат ордуна которулуудан баш тартса жетекчи кызматкерди Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

17. Ушул Жобонун 15 жана 16-пункттарында каралган чечимдер жетекчи тарабынан кызматкерди аттестациялоо күнүнөн тартып эки айдан кечиктирилбестен кабыл алынат. Кызматкердин ооруган же өргүүсүнүн убагы 2 айлык мөөнөткө эсептелбейт.

18. Аттестациялоо өткөрүлгөндөн кийин жетекчинин приказы же буйругу чыгарылат, анда аттестациялоо өткөрүүнүн натыйжалары талданат, кызматкерлерди окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча багыттар аныкталат, кезектеги аттестациялоону өткөрүү жана кадрлар менен ишти жакшыртуу боюнча чаралар бекитилет.

19. Аттестациялык комиссиянын чечими баш ийүүсү боюнча жогору турган органдын аттестациялык комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

1-тиркеме МҮНӨЗДӨМӨ (ПИКИР) Кызматкер жөнүндө мүнөздөмөдө чагылдырылышы мүмкүн болгон маалыматтар

1. Фамилиясы, аты-жөнү.

2. Аттестациялоо өткөрүү учуруна карата ээлеген кызмат орду.

3. Чечүүгө катышкан негизги маселелердин тизмеси.

4. Кесиптик, өздүк сапаттарына жана кызматтык ишинин натыйжаларына жүйөлүү баа берүү.

Бөлүмдүн жетекчиси \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Профсоюз комитетинин төрагасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ "Мүнөздөмө менен тааныштым" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кызматкердин колу) 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 2-тиркеме АТТЕСТАЦИЯЛОО БАРАКЧАСЫ Фамилиясы, аты-жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Туулган жылы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Билими \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Адистиги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Окумуштуулук даражасы, наамы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Бул ишканадагы иш стажысы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ээлеген кызмат орду \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Дайындалган күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Мурдагы аттестациялоонун сунуштарын аткаруу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Иштин жалпы мүнөздөмөсү (кемчиликтерин сөзсүз көрсөтүү менен) \_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ишин баалоо \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Сунуштар \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Комиссиянын төрагасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Комиссиянын мүчөлөрү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Аттестациялануучунун колу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Аттестациялоо күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3-тиркеме Эмгектин уюштуруу-техникалык шарттарын баалоо боюнча АНКЕТА

1. Сиздин эмгек шарттарыңызды беш баллдык шкала боюнча баалаңыз:

- приборлор жана материалдар менен камсыздалуу;

- илимий жетекчиликтин натыйжалуулугу;

- методикалык жардам;

- маалымат менен камсыз болуу;

- алдыңкы тажрыйбаны иликтөө мүмкүнчүлүгү;

- квалификацияны жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

- натыйжаларды практикага киргизүүгө жардам.

2. Эмгек шарттарын өркүндөтүү боюнча Сиздин сунуштар.

Бөлүмдөгү иштердин кемчиликтери деп Сиз эмнени эсептейсиз жана аларды жоюу боюнча Сиздин сунуштар? \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Сиздин эмгектин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Сиз эмне сунуштайсыз? \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Сиз иштеген жамааттагы социалдык-психологиялык климатты жакшыртуу үчүн эмне кылуу зарыл? \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Сиз өз квалификацияңызды жогорулатууну кандай болжолдойсуз? \_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Башка сунуштар \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Фамилиясы, аты-жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ээлеген кызмат орду \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Цех (бөлүм) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Колу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ "Тааныштым" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (бөлүмдүн жетекчисинин колу)

4-тиркеме Аттестациялоо комиссиясынын жыйынынын № \_\_ ПРОТОКОЛУ 20\_\_-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (төраганын, катчынын жана комиссия мүчөлөрүнүн \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ катышты фамилиясы, аты-жөнү) Күн тартиби: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аттестациялануучулардын аты-жөнү, алардын ээлеген кызмат орду, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ аттестациялоо алар иштеген бөлүмдөрдү көрсөтүү менен)

1. Угушту:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ мезгилдеги иши жөнүндө Аттестациялануучуга суроолор \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кыскача мазмуну) Чыгып сүйлөөлөр \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кыскача мазмуну) Токтом кылышты: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аттестациялануучунун ишин баалоо, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ аттестациялоо комиссиясынын сунуштары)

2. Угушту: (ж.б.у.с.)

Төрага \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Катчы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
