# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-майындагы №203 "2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган, Мамлекеттер арасында маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктардын жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-майындагы №203 "2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган, Мамлекеттер арасында маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктардын жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 203
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92547>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14664/edition/388896/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92547.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-майындагы №203 "2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган, Мамлекеттер арасында маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктардын жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (03.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92547

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 3-майы №203 "2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган, Мамлекеттер арасында маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктардын жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган, Мамлекеттер арасында маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктардын жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министри

А. Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган, Мамлекеттер арасында маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктардын жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган, Мамлекеттер арасында маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктардын жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин. 3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
