# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-мартындагы №99 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-мартындагы №99 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92544>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14662/edition/829945/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92544.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-мартындагы №99 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (24.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92544

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-марты №99 Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана республикалык бюджеттин ресурстарын натыйжалуу башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министри

А. Атамбаев
