Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-марты №97 "Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Азербайжан Республикасына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин. 3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 13-майындагы № 434-V "Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну…Постановление · 13.05.2011 · № 434-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 13-майындагы № 435-V "Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну…Постановление · 13.05.2011 · № 435-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 13-майындагы № 433-V "Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну…Постановление · 13.05.2011 · № 433-V
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон