# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги №142 ""Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги №142 ""Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92538>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14658/edition/381214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92538.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги №142 ""Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (06.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92538

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 6-апрели № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-ж., № 5, 461-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:

- ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 22-берененин 3-бөлүгүндөгү "Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 27-берененин 1-бөлүгүндөгү төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын тышкы саясат иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;".

4. 30-беренеде:

1) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын тышкы саясат иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин ыйгарым укуктары";

2) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын тышкы саясат иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери:".

5. 34-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын тышкы саясат иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы улуттук коопсуздук органдары менен макулдашылган жарандуулук маселелери боюнча арыздар жана башка тийиштүү материалдар боюнча өздөрүнүн корутундуларын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы жарандуулук маселеси боюнча комиссияга жөнөтөт.".

6. 38-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"38-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча өтүнүч берген, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, ал эми республикадан тышкаркы жерлерде жашаган адамдарга тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу Кыргыз Республикасынын тышкы саясат иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жүктөлөт.". 2-берене.

Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
| --- | --- |
| 22-берене. Башка мамлекеттин жарандыгын Кыргыз Республикасынын жараны деп таануу 1. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калуу менен төмөнкү учурларда башка чет мамлекеттин жарандыгын ала алат: - эгерде башка мамлекеттин жарандыгын алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана чет мамлекеттин мыйзамдарына карама-каршы келбесе; - эгерде мамлекеттер ортосунда мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош жарандык маселеси боюнча мамлекеттер аралык макулдашуулар бар болсо. 2. Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй учурларда кош жарандык таанылбайт: - Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттин жарандары үчүн; - ушул Мыйзамдын 16-беренесинде каралган адамдар үчүн. 3. Кош жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын судьясы, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, \[Коргоо министрлигинин\] кызматкерлери боло алышпайт, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарында жетекчи кызматтарды ээлей алышпайт. 4. Кош жарандыкты токтотуу, калыбына келтирүү жана андан чыгуу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу, калыбына келтирүү жана андан чыгуу кандай жүргүзүлсө, ошондой жүргүзүлөт. 5. Кыргыз Республикасында кош жарандыкты алган адам Кыргыз Республикасынын жараны катары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө милдеттүү. 6. Кыргыз Республикасында кош жарандык ушул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган фактылар аныкталган учурда бир тараптуу тартипте жокко чыгарылат. | 22-берене. Башка мамлекеттин жарандыгын Кыргыз Республикасынын жараны деп таануу 1. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калуу менен төмөнкү учурларда башка чет мамлекеттин жарандыгын ала алат: - эгерде башка мамлекеттин жарандыгын алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана чет мамлекеттин мыйзамдарына карама-каршы келбесе; - эгерде мамлекеттер ортосунда мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош жарандык маселеси боюнча мамлекеттер аралык макулдашуулар бар болсо. 2. Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй учурларда кош жарандык таанылбайт: - Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттин жарандары үчүн; - ушул Мыйзамдын 16-беренесинде каралган адамдар үчүн. 3. Кош жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын судьясы, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНЫН кызматкерлери боло алышпайт, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарында жетекчи кызматтарды ээлей алышпайт. 4. Кош жарандыкты токтотуу, калыбына келтирүү жана андан чыгуу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу, калыбына келтирүү жана андан чыгуу кандай жүргүзүлсө, ошондой жүргүзүлөт. 5. Кыргыз Республикасында кош жарандыкты алган адам Кыргыз Республикасынын жараны катары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө милдеттүү. 6. Кыргыз Республикасында кош жарандык ушул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган фактылар аныкталган учурда бир тараптуу тартипте жокко чыгарылат. |
| 27-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө иштерди жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары 1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө иштерди жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары болуп төмөндөгүлөр саналат: Кыргыз Республикасынын Президенти; Ички иштер органдары; \[Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги\]; 2. Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери. 2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө иштерди жүргүзүүчү органдардын ыйгарым укуктары ушул Мыйзамда белгиленет. | 27-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө иштерди жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары 1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө иштерди жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары болуп төмөндөгүлөр саналат: Кыргыз Республикасынын Президенти; Ички иштер органдары; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ САЯСАТ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ; 2. Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери. 2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө иштерди жүргүзүүчү органдардын ыйгарым укуктары ушул Мыйзамда белгиленет. |
| 30-берене. \[Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин ыйгарым укуктары 1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери:\] 1) Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде туруктуу жашап жаткан адамдардан Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселеси боюнча арыздарын кабыл алат жана зарыл документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентине кароо үчүн жөнөтөт; 2) чет өлкөдө туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктайт; 3) чет өлкөлөрдө туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандуулугун жоготкондугун каттоодон өткөрөт; 4) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 2-бөлүгүндө каралган учурларда жарандуулуктан чыгууну жолжоболоштурат; 5) чет өлкөлөрдө туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын консулдук эсебин жүргүзөт; 6) Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде жашаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынан жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алган чечимдерди аткарат; 7) Кыргыз Республикасынын жарандыгын өзгөртүү тууралу чечим кабыл алынган адамдардын эсебин жүргүзөт. 2. Эгерде тигил же бул өлкөдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери жок болсо, бул органдардын милдетин мыйзам тартибинде күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде башка мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аткарат. | 30-берене. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ САЯСАТ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНЫН, ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН ЖАНА КОНСУЛДУК МЕКЕМЕЛЕРИНИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ 1. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ САЯСАТ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ, ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮ ЖАНА КОНСУЛДУК МЕКЕМЕЛЕРИ: 1) Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде туруктуу жашап жаткан адамдардан Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселеси боюнча арыздарын кабыл алат жана зарыл документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентине кароо үчүн жөнөтөт; 2) чет өлкөдө туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктайт; 3) чет өлкөлөрдө туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандуулугун жоготкондугун каттоодон өткөрөт; 4) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 2-бөлүгүндө каралган учурларда жарандуулуктан чыгууну жолжоболоштурат; 5) чет өлкөлөрдө туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын консулдук эсебин жүргүзөт; 6) Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде жашаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынан жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алган чечимдерди аткарат; 7) Кыргыз Республикасынын жарандыгын өзгөртүү тууралу чечим кабыл алынган адамдардын эсебин жүргүзөт. 2. Эгерде тигил же бул өлкөдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери жок болсо, бул органдардын милдетин мыйзам тартибинде күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде башка мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аткарат. |
| 34-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселеси боюнча арыздарды кабыл алуунун жана кароонун тартиби 1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча, эреже катары, арыз берүүчүнүн өзүнүн же жүйөлүү себептер боюнча почта аркылуу жөнөтүлгөн же үчүнчү тарап аркылуу берилген бардык арыздарын кабыл алууга милдеттүү, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. 2. Жарандуулук маселелер боюнча арыздарды жол-жоболоштурган ички иштер органдары же тийиштүү дипломатиялык өкүлчүлүктөр, болбосо консулдук мекемелер арыздар боюнча өзүнүн жүйөлүү жана негиздүү корутундуларын чыгарышат. \[3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызмат органдары менен макулдашылган жарандуулук маселелери боюнча арыздар жана башка тийиштүү материалдар боюнча өздөрүнүн корутундуларын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы жарандуулук маселеси боюнча комиссияга жөнөтөт.\] 4. Ички иштер органдары жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр же консулдук мекемелер тарабынан жарандуулук боюнча арыздарды кароонун жалпы мөөнөтү жалпы тартипте 90 күндөн жана Кыргыз Республикасынын жарандуулугунан чыгып кетүү жөнүндө арыз боюнча корутундуда арыз берүүчүнүн мамлекет алдындагы милдеттенмелерин же жарандардын же ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин маанилүү кызыкчылыктары байланышкан анын мүлктүк милдеттенмелерин аткарбагандыгы; анын күнөөкөр катары кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча жазаны өткөрүп жаткандыгы же ал адамдын жарандуулуктан чыгарылышы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугунун кызыкчылыгына карама-каршы келе тургандыгы жөнүндө маалыматтар билдирилет. | 34-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселеси боюнча арыздарды кабыл алуунун жана кароонун тартиби 1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча, эреже катары, арыз берүүчүнүн өзүнүн же жүйөлүү себептер боюнча почта аркылуу жөнөтүлгөн же үчүнчү тарап аркылуу берилген бардык арыздарын кабыл алууга милдеттүү, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. 2. Жарандуулук маселелер боюнча арыздарды жол-жоболоштурган ички иштер органдары же тийиштүү дипломатиялык өкүлчүлүктөр, болбосо консулдук мекемелер арыздар боюнча өзүнүн жүйөлүү жана негиздүү корутундуларын чыгарышат. 3. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ САЯСАТ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ УЛУТТУК КООПСУЗДУК ОРГАНДАРЫ МЕНЕН МАКУЛДАШЫЛГАН ЖАРАНДУУЛУК МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА АРЫЗДАР ЖАНА БАШКА ТИЙИШТүү МАТЕРИАЛДАР БОЮНЧА ӨЗДӨРҮНҮН КОРУТУНДУЛАРЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ ЖАРАНДУУЛУК МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА КОМИССИЯГА ЖӨНӨТӨТ. 4. Ички иштер органдары жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр же консулдук мекемелер тарабынан жарандуулук боюнча арыздарды кароонун жалпы мөөнөтү жалпы тартипте 90 күндөн жана Кыргыз Республикасынын жарандуулугунан чыгып кетүү жөнүндө арыз боюнча корутундуда арыз берүүчүнүн мамлекет алдындагы милдеттенмелерин же жарандардын же ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин маанилүү кызыкчылыктары байланышкан анын мүлктүк милдеттенмелерин аткарбагандыгы; анын күнөөкөр катары кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча жазаны өткөрүп жаткандыгы же ал адамдын жарандуулуктан чыгарылышы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугунун кызыкчылыгына карама-каршы келе тургандыгы жөнүндө маалыматтар билдирилет. |
| 38-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарын аткаруу тартиби \[Кыргыз Республикасынын аймагында турган сунуштама бергендерге карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарын аткаруу - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана анын органдарына, ал эми республикадан тышкаркы жерлерде жашаган адамдарга тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жүктөлөт.\] | 38-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарын аткаруу тартиби КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫГЫ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ӨТҮНҮЧ БЕРГЕН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА ЖАШАГАН АДАМДАРГА КАРАТА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫКТАРЫН АТКАРУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНА, АЛ ЭМИ РЕСПУБЛИКАДАН ТЫШКАРКЫ ЖЕРЛЕРДЕ ЖАШАГАН АДАМДАРГА ТИЕШЕЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫКТАРЫН АТКАРУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ САЯСАТ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНА, ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНӨ ЖАНА КОНСУЛДУК МЕКЕМЕЛЕРИНЕ ЖҮКТӨЛӨТ. |
