# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 140 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы № 164 "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 140 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы № 164 "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92536>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14656/edition/1157444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92536.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 140 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы № 164 "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (06.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92536

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 6-апрели № 140 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы N 164 "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы № 164 "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- 8-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагындагы объекттерди куруу жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн кызматтык командировкаларга чыгууда 2010-жылдын июлунан 2011-жылдын май айынын аягына чейинки мезгилде жогоруда аталган мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамлекеттик комитеттердеги, Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорундагы жана аткаруу бийлигинин башка органдарындагы кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунда белгиленген кызматтык автотранспорттун жүрүү лимитиндеги командировкага чыгууларды эске албастан аларды пайдаланууга уруксат берилсин.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев
