# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги №139 "Бөтөлкөгө куюлган табигый минералдык, табигый ичүүчү жана ашкана сууларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги №139 "Бөтөлкөгө куюлган табигый минералдык, табигый ичүүчү жана ашкана сууларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92535>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14655/edition/966969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92535.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги №139 "Бөтөлкөгө куюлган табигый минералдык, табигый ичүүчү жана ашкана сууларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтому (13.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92535

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 6-апрели № 139 "Бөтөлкөгө куюлган табигый минералдык, табигый ичүүчү жана ашкана сууларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15, 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомдорунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген "Бөтөлкөгө куюлган табигый минералдык, табигый ичүүчү жана ашкана сууларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин "Идишке куюлган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15, 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Техникалык регламентке ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин жана аны ишке ашырууну камсыз кылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев
