# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92533>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14653/edition/881470/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92533.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому (05.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92533

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 6-апрели № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 15, 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" тиркелген Регламент бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Техникалык регламентке ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 15, 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев
