# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-апрелиндеги № 135 "Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\\UMTS" мобилдүү байланышын ишке киргизүү маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-апрелиндеги № 135 "Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\\UMTS" мобилдүү байланышын ишке киргизүү маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92531>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14651/edition/408019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92531.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-апрелиндеги № 135 "Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\\UMTS" мобилдүү байланышын ишке киргизүү маселелери жөнүндө" токтому (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92531

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-апрели № 135 Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\\UMTS" мобилдүү байланышын ишке киргизүү маселелери жөнүндө Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\\UMTS" мобилдүү байланышын өнүктүрүүгө дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\\UMTS" мобилдүү байланыш стандартында радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна лицензиясы бар байланыш оператору тарабынан республикалык бюджетке он беш күндүк мөөнөттө 50 (элүү) миллион сомду төгүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы № 588 "Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\\UMTS" стандартындагы мобилдүүбайланыш радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун төртүнчү, алтынчы - тогузунчу абзацтарында каралган шарттар аткарылды деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө үчүнчү муундагы "3GR "WCDMA\\UMTS" мобилдүү байланыш стандартында радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна лицензиясы бар байланыш операторлоруна эсептин төлөмдүк реквизиттери жөнүндө билдирсин, ага ушул токтомдун 1-пунктунда аталган акча каражаттары которулууга тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган акча каражаттары которулгандыгы жөнүндө ырастоо алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы № 588 "Үчүнчү муундагы "3G "WCDMA\\UMTS" стандартындагы мобилдүү байланыш радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун төртүнчү, алтынчы -тогузунчу абзацтарында каралган милдеттенмелерди аткарууну алып салуу менен лицензиялык макулдашууда каралган лицензиаттын милдеттенмелерин өзгөртсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана езгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А. Атамбаев
