Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 308 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 1-апрели № 131 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 273 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик органдардын координациялык ишин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жер-жерлерде мыйзам менен сакталуучу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомду жана мамлекетти кылмыштык кол салуулардан коргоо боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын, прокуратуранын жана башка укук коргоо органдарынын иштерине координация жүргүзөөрү белгиленсин. Бул максатта жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча кеңешмелерди ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын, прокуратуранын жана башка укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен чакырат, жумушчу топторду уюштурат, статистикалык жана башка зарыл болгон маалыматтарды талап кылат, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти чыңдоо ишинде башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 276 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 273 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 308 "Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2023 · № 308
- 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы N…Концепция · 23.08.2022 · № 469
- КР Премьер-министринин 2012-жылдын 6-ноябрындагы № 840 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамын бекитүү…Распоряжение · 06.11.2012 · № 840
- КР Премьер-министринин 2015-жылдын 7-майындагы № 142 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамы жөнүндө)…Распоряжение · 07.05.2015 · № 142
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 117 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш курамын бекитүү…Распоряжение · 01.04.2013 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө Жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги №…Положение · 01.04.2011 · № 131
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук…Постановление · 02.05.2012 · № 273
- КР Премьер-министринин 2015-жылдын 21-августундагы № 390 ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин курамы…Распоряжение · 21.08.2015 · № 390
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 276 " Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.07.2007 · № 276
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 308 "Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2023 · № 308
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук…Постановление · 02.05.2012 · № 273
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон