# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-мартындагы №127 "Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобону жана Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчет берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-мартындагы №127 "Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобону жана Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчет берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92524>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14644/edition/380199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92524.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-мартындагы №127 "Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобону жана Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчет берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (30.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92524

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-марты № 127 Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобону жана Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчет берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасында аудитти андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобо;

- Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчет берүүнүн тартиби.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев
