Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын „Өрт коопсуздугу жөнүндө“ Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-03-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-марты № 125 "Кыргыз Республикасынын "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., №7, 87-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренедеги "мыйзамдык" деген сөз "нормативдик укуктук" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Өрт коопсуздугунун кызматтары Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугунун кызматтары:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан;
2) ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ведомстволук өрттөн сактоо кызматтарынан;
3) ыктыярдуу өрттөн сактоо кошуундарынан турат.
3. 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Өрт коопсуздугунун системасын башкаруу Өрт коопсуздугунун системасын башкаруу өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.".
4. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Өрт коопсуздугунун сакталышына көзөмөл Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке адамдар жана юридикалык жактар өрт коопсуздугун сакташына көзөмөлдү өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.".
5. 11-берененин 1-пунктунда "мамлекеттик өрткө каршы кызмат" деген сөздөр "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Өрттөрдү мамлекеттик эсепке алуу Өрттөрдү жана алардын кесепеттерин мамлекеттик эсепке алуу өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.".
7. 13-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
8. 15-беренедеги "мамлекеттик өрткө каршы кызмат" деген сөздөр "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 18-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өрттү өчүрүү учурунда жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.".
10. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Өзгөчө учурларда өрт өчүрүү Өзгөчө учурларда өрт өчүрүү, атап айтканда: токойлордогу, тоолордогу жана талаалардагы өрттөрдү, улуттук коопсуздук, коргонуу, ички иштер, жазык-аткаруу системасы, бажылык жөнгө салуу, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, токой чарбаны жана аңчылык чарбаны өнүктүрүү, жер казынасын пайдалануу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз темир жолунун, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн объектилериндеги өрттөрдү өчүрүү тартиби өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери тарабынан аныкталат.".
11. 21, 21-1, 22-беренелердин бүткүл тексттери боюнча "мамлекеттик өрткө каршы кызмат" деген сөздөр "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын кызматкерлеринин жасаган иштерине даттануу Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин жасаган иштери боюнча дооматтарды жана даттанууларды өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилери карашат жана алар боюнча чечим кабыл алышат. Эгерде даттанган адам кабыл алынган чечимге канааттанбаса, анда ал мыйзамда белгиленген тартипте жогору турган инстанцияларга же сотко кайрыла алат. 2-берене. Бул Мыйзам жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Иштеп жаткан редакциясы | Сунушталган редакциясы |
|---|---|
| 2-статья. Өрт коопсуздугунун укуктук негизи Өрт коопсуздугу системасынын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана өрт коопсуздугу жагындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка [мыйзам] актылары түзөт. | 2-статья. Өрт коопсуздугунун укуктук негизи Өрт коопсуздугу системасынын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана өрт коопсуздугу жагындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ЧЕНЕМДИК УКУКТУК актылары түзөт. |
| [3-статья. Өрт коопсуздугунун кызматтары Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугунун кызматтары: 1) Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн сактоо-өрткө каршы мамлекеттик кызматынан; 2) ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ведомстволук өрттөн сактоо кызматтарынан; 3) ыктыярдуу өрттөн сактоо уюшмаларынан турат. Мамлекеттик өрткө каршы кызмат өрт коопсуздугу кызматынын негизги түрү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курамына бирдиктүү өз алдынча оперативдик кызмат катары кирет.] | 3-БЕРЕНЕ. ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН КЫЗМАТТАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН КЫЗМАТТАРЫ: 1) ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАН; 2) ИШКАНАЛАРДЫН, МЕКЕМЕЛЕРДИН ЖАНА УЮМДАРДЫН ВЕДОМСТВОЛУК ӨРТТӨН САКТОО КЫЗМАТТАРЫНАН; 3) ЫКТЫЯРДУУ ӨРТТӨН САКТОО УЮШМАЛАРЫНАН ТУРАТ. |
| [4-статья. Өрт коопсуздугунун системасын башкаруу Өрт коопсуздугунун системасын башкаруу өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги, мамлекеттик өрткө каршы ыйгарым укуктуу кызмат органдары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, ошондой эле министрликтердин, административдик ведомстволордун, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт.] | 4-БЕРЕНЕ. ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН СИСТЕМАСЫН БАШКАРУУ ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН СИСТЕМАСЫН БАШКАРУУ ӨЗ КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫНЫН ЧЕГИНДЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ, ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНЫН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗҮН-ӨЗҮ БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН, МЕКЕМЕЛЕРДИН, УЮМДАРДЫН ЖАНА ИШКАНАЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. |
| [5-статья. Өрт коопсуздугунун сакталышына көзөмөл Министрликтердин, ведомстволордун, мекемелердин, мамлекеттик, кооперативдик, менчик жана башка ишканалардын, уюмдардын жана граждандардын өрт коопсуздугун сактоосуна мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик өрткө көзөмөл органы жүргүзөт.] | 5-БЕРЕНЕ. ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН САКТАЛЫШЫНА КӨЗӨМӨЛ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗҮН-ӨЗҮ БАШКАРУУ ОРГАНДАРДЫН, ЖЕКЕ ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТООСУНА МАМЛЕКЕТТИК КӨЗӨМӨЛДҮ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЖҮРГҮЗӨТ. |
| 11-статья. Өрт коопсуздугу кызматын финансылоо Өрт коопсуздугу кызматы финансыланат: 1) [мамлекеттик өрткө каршы кызмат] - мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, өрткө каршы кызматтын функцияларына тиешеси жок акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн келип түшкөн каражаттардан, ошондой эле өз ыктыяры менен соопкерчиликке берилген жана башка каражаттардан; 2) өрттөн сактоо ведомстволук кызматы - тийиштүү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынан; 3) ыктыярдуу өрттөн сактоо уюшмалары - ыктыярдуу өрттөн сактоо коомдорунун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынан. | 11-статья. Өрт коопсуздугу кызматын финансылоо Өрт коопсуздугу кызматы финансыланат: 1) ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН - мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, өрткө каршы кызматтын функцияларына тиешеси жо акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн келип түшкөн каражаттардан, ошондой эле өз ыктыяры менен соопкерчиликке берилген жана башка каражаттардан: 2) өрттөн сактоо ведомстволук кызматы - тийиштүү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынан; 3) ыктыярдуу өрттөн сактоо уюшмалары - ыктыярдуу өрттөн сактоо коомдорунун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынан. |
| [12-статья. Өрттөрдү мамлекеттик эсептөө Өрттөрдү жана алардын кесепеттерин мамлекеттик эсептөө Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик өрткө каршы ыйгарым укуктуу кызмат органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.] | 12-СТАТЬЯ. ӨРТТӨРДҮ МАМЛЕКЕТТИК ЭСЕПТӨӨ ӨРТТӨРДҮ ЖАНА АЛАРДЫН КЕСЕПЕТТЕРИН МАМЛЕКЕТТИК ЭСЕПТӨӨ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ ТАРАБЫНАН ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛАТ. |
| [13-статья. Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органдары Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органы болуп Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик өрткө каршы кызматтарынын ыйгарым укуктуу органы саналат. Мамлекеттик өрт көзөмөлү органы болуп эсептелген мамлекеттик өрткө каршы ыйгарым укуктуу органдарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндөгү жободо аныкталат.] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛДЫ. |
| 15-статья. Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүчү кызмат адамдары Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүчү кызмат адамдары болуп саналган [мамлекеттик өрткө каршы органдарынын кызматкерлеринин] жана подразделениелеринин тизмеси, ошондой эле аларга жүктөлгөн функциялардын аткарылышынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндөгү жободо аныкталат. | 15-статья. Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүчү кызмат адамдары Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүчү кызмат адамдары болуп саналган ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН жана подразделениелеринин тизмеси, ошондой эле аларга жүктөлгөн функциялардын аткарылышынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндөгү жободо аныкталат. |
| 18-статья. Өрттү өчүрүү учурундагы өрт коопсуздугу кызматынын кызматкерлеринин укуктары Өрт коопсуздугу кызматынын кызматкерлери өрт өчүрүү мезгилинде өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйругу боюнча төмөндөгүлөргө укуктуу; 1) күйгөн продуктылар жана оттун учкундары тараган жана таралышы мүмкүн болгон өндүрүш жана башка жайларга кирүүгө; 2) имараттардын жана курулмалардын конструктивдүү элементтерин түзгөн жана тосуп турган жабык эшиктерди сындырууга (ачууга); 3) өрттү өчүрүүгө жолтоо болгон заттарды ордунан жылдырууга, адамдарды жана материалдык баалуулуктарды алып чыгып кетүүгө; 4) оттун жана күйүп жаткан продуктылардын таралышына коркунуч туулган имараттардан, жайлардан адамдарды жана материалдык баалуулуктарды чыгарып кетүү боюнча буйруктарды берүүгө; 5) материалдык-техникалык ресурстарды пайдаланууну жана өрттү өчүрүү үчүн жумушчуларды жана кызматчыларды катыштыруусун ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен талап кылууга. [Өрттү өчүрүү учурунда жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү боюнча негизги жоболор Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан белгиленет.] Өрт өчүрүү учурунда келтирилген материалдык зыян Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулат. Өрт коопсуздук кызматтарынын жеке курамы, өтө зарыл шарттарда иштөөчү өрт өчүрүүнүн башка катышуучулары келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотулат. | 18-статья. Өрттү өчүрүү учурундагы өрт коопсуздугу кызматынын кызматкерлеринин укуктары Өрт коопсуздугу кызматынын кызматкерлери өрт өчүрүү мезгилинде өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйругу боюнча төмөндөгүлөргө укуктуу; 1) күйгөн продуктылар жана оттун учкундары тараган жана таралышы мүмкүн болгон өндүрүш жана башка жайларга кирүүгө; 2) имараттардын жана курулмалардын конструктивдүү элементтерин түзгөн жана тосуп турган жабык эшиктерди сындырууга (ачууга); 3) өрттү өчүрүүгө жолтоо болгон заттарды ордунан жылдырууга, адамдарды жана материалдык баалуулуктарды алып чыгып кетүүгө; 4) оттун жана күйүп жаткан продуктылардын таралышына коркунуч туулган имараттардан, жайлардан адамдарды жана материалдык баалуулуктарды чыгарып кетүү боюнча буйруктарды берүүгө; 5) материалдык-техникалык ресурстарды пайдаланууну жана өрттү өчүрүү үчүн жумушчуларды жана кызматчыларды катыштыруусун ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен талап кылууга. ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮ УЧУРУНДА ЖУМУШТАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАНА ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЖОБО КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. Өрт өчүрүү учурунда келтирилген материалдык зыян Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулат. Өрт коопсуздук кызматтарынын жеке курамы, өтө зарыл шарттарда иштөөчү өрт өчүрүүнүн башка катышуучулары келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотулат. |
| [20-статья. Өзгөчө учурларда өрт өчүрүү Өзгөчө учурларда өрт өчүрүү, атап айтканда: токойлордогу, тоолордогу жана талаалардагы өрттөрдү, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаны өтөө боюнча башкы башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы инспекциясынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча агентствонун, Кыргыз темир жолунун, чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын объектилериндеги өрттөрдү өчүрүү тартиби мамлекеттик өрткө каршы кызмат органдары жана подразделениелери менен макулдашуу боюнча тиешелүү министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери тарабынан аныкталат.] | 20-СТАТЬЯ. ӨЗГӨЧӨ УЧУРЛАРДА ӨРТ ӨЧҮРҮҮ ӨЗГӨЧӨ УЧУРЛАРДА ӨРТ ӨЧҮРҮҮ, АТАП АЙТКАНДА: ТОКОЙЛОРДОГУ, ТООЛОРДОГУ ЖАНА ТАЛААЛАРДАГЫ ӨРТТӨРДҮ, УЛУТТУК КООПСУЗДУК, КОРГОО, ИЧКИ ИШТЕР, ЖАЗЫК-АТКАРУУ ТУТУМУ, БАЖЫЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ МАМЛЕКЕТТИК ЧЕГАРАНЫ САКТОО ЖАНА КОРГОО, ТОКОЙ ЖАНА АҢЧЫЛЫК ЧАРБАЛАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ, ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН, КЫРГЫЗ ТЕМИР ЖОЛУНУН, ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА ЖАЙГАШКАН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ЖАНА КОНСУЛДУК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН ОБЪЕКТИЛЕРИНДЕГИ ӨРТТӨРДҮ ӨЧҮРҮҮ ТАРТИБИ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН МАКУЛДАШУУ БОЮНЧА ТИЕШЕЛҮҮ МИНИСТРЛИКТЕРДИН, АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ВЕДОМСТВОЛОРДУН, МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕРДИН ЖАНА УЮМДАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. |
| IV Бөлүм [Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын] кызматкерлеринин социалдык-укуктук гарантиялары 21-статья. [Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын] кызматкерлеринин укуктук абалы, кызмат өтөө тартиби жана социалдык кепилдиктери [Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын] аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттин коргоосунда болот. Аларга Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктар, социалдык кепилдиктер жайылтылат. [Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын] аскер кызматчыларынын кызмат өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тиешелүү жобо менен аныкталат. [Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын] аскер кызматчылары өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу үчүн ишке тартылышы мүмкүн. Мында кызмат мөөнөтү бир күнү үч күнгө эсеп кылынат. [Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын] аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине өрт өчүрүүгө, ошондой эле эмгек шарты оор, зыяндуу жана өмүргө коркунуч келтирген иштер үчүн кошумча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген өлчөмдө жана тартипте жүргүзүлөт. | IV Бөлүм ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН кызматкерлеринин социалдык-укуктук гарантиялары 21-статья. ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН кызматкерлеринин укуктук абалы, кызмат өтөө тартиби жана социалдык кепилдиктери ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттин коргоосунда болот. Аларга Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктар, социалдык кепилдиктер жайылтылат. ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН аскер кызматчыларынын кызмат өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тиешелүү жобо менен аныкталат. ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН аскер кызматчылары өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу үчүн ишке тартылышы мүмкүн. Мында кызмат мөөнөтү бир күнү үч күнгө эсеп кылынат. ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине өрт өчүрүүгө, ошондой эле эмгек шарты оор, зыяндуу жана өмүргө коркунуч келтирген иштер үчүн кошумча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген өлчөмдө жана тартипте жүргүзүлөт. |
| 21-1-статья. [Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын] өлгөн же майып болгон аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин мамлекеттик камсыздандыруу жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу [Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын] кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жарандар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде түшүүчү каражаттардын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш, анын тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. | 21-1-статья. ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН өлгөн же майып болгон аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин мамлекеттик камсыздандыруу жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жарандар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде түшүүчү каражаттардын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш, анын тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. |
| V Бөлүм [Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын] камсыздандыруу уюмдары менен өз ара аракеттери 22-статья. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча [өрткө каршы мамлекеттик кызматтын] республикалык камсыздандыруу уюмдары менен өз ара аракеттери Эгерде жетекчилердин жана башка кызмат адамдарынын карасанатайлыгынын жана шалакылыгынын натыйжасында, ошондой эле мыйзамдар же башка нормативдик актылар белгилеген өрт коопсуздугунун эрежелерин аткарбаганда же одоно бузган учурларда, республиканын камсыздандыруу уюмдары ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде чыккан өрттөр боюнча камсыздандыруу суммаларын (ордун толуктоочу камсыздандырууларды) толук же жарым-жартылай төлөп бербей коюуга акылуу. Республиканын камсыздандыруу уюмдары өрт фактылары боюнча камсыздандыруу суммаларын (ордун толуктоочу камсыздандырууларды) мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн республикалык, аймактык, жергиликтүү органдарынын атайын корутундусу болгондо гана төлөп беришет. Өрт фактылары боюнча корутундулар мүдөөлүү ведомстволорго, мекемелерге, уюмдарга жана граждандарга суранган (арыз берген) учурдан тартып 10 күндүн ичинде берилет. Өрттү болтурбай коюуга арналган иш-чараларды финансылоо ыктыярдуу принцип боюнча өрт көзөмөлү органдары менен камсыздандыруу уюмдарынын ортосундагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде камсыздандыруу уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. | V Бөлүм ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН камсыздандыруу уюмдары менен өз ара аракеттери 22-статья. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН республикалык камсыздандыруу уюмдары менен өз ара аракеттери Эгерде жетекчилердин жана башка кызмат адамдарынын карасанатайлыгынын жана шалакылыгынын натыйжасында, ошондой эле мыйзамдар же башка нормативдик актылар белгилеген өрт коопсуздугунун эрежелерин аткарбаганда же одоно бузган учурларда, республиканын камсыздандыруу уюмдары ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде чыккан өрттөр боюнча камсыздандыруу суммаларын (ордун толуктоочу камсыздандырууларды) толук же жарым-жартылай төлөп бербей коюуга акылуу. Республиканын камсыздандыруу уюмдары өрт фактылары боюнча камсыздандыруу суммаларын (ордун толуктоочу камсыздандырууларды) мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн республикалык, аймактык, жергиликтүү органдарынын атайын корутундусу болгондо гана төлөп беришет. Өрт фактылары боюнча корутундулар мүдөөлүү ведомстволорго, мекемелерге, уюмдарга жана граждандарга суранган (арыз берген) учурдан тартып 10 күндүн ичинде берилет. Өрттү болтурбай коюуга арналган иш-чараларды финансылоо ыктыярдуу принцип боюнча өрт көзөмөлү органдары менен камсыздандыруу уюмдарынын ортосундагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде камсыздандыруу уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. |
| [28-статья. Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын кызматкерлеринин жасаган иштерине даттануу Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын кызматкерлеринин жасаган иштери боюнча келин түшкөн дооматтарды жана даттанууларды мамлекеттик өрткө каршы кызматынын ыйгарым укуктуу органдарынын начальниктер карап чыгышат жана алар боюнча чечим кабыл алышат. Эгерде даттанган адам кабыл алынган чечимге канааттанбаса, анда ал мыйзам белгилеген тартипте жогору турган инстанцияларга же сотко кайрыла алат.] | 28-СТАТЬЯ. ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАСАГАН ИШТЕРИНЕ ДАТТАНУУ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАСАГАН ИШТЕРИ БОЮНЧА КЕЛИП ТҮШКӨН ДООМАТТАРДЫ ЖАНА ДАТТАНУУЛАРДЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ТИЕШЕЛҮҮ ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮМЧӨЛӨРДҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАРАП ЧЫГЫШАТ ЖАНА АЛАР БОЮНЧА ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫШАТ. ЭГЕРДЕ ДАТТАНГАН АДАМ КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМГЕ КАНААТТАНБАСА, АНДА АЛ МЫЙЗАМ БЕЛГИЛЕГЕН ТАРТИПТЕ ЖОГОРУ ТУРГАН ИНСТАНЦПЯЛАРГА ЖЕ СОТКО КАЙРЫЛА АЛАТ. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 20-майындагы № 486-V "Өрт коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 20.05.2011 · № 486-V
- 2011-жылдын 20-майы № 487-V "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда…Постановление · 20.05.2011 · № 487-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 20-майындагы № 488-V "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 20.05.2011 · № 488-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Өрт коопсуздугу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 22 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.