Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын маселелери» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-20.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-марты № 116 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын маселелери (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №129 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын ишин регламенттештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматына кайра түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө түздөн-түз баш ийген жана отчет берүүчү, мамлекеттик укук коргоо органынын статусуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, ошондой эле экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана тергөө боюнча бирден бир орган болуп саналган мамлекеттик орган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын укук мураскери болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын карамагынан жана ыйгарым укуктарынан төмөнкүлөр алынып салынсын:
- келтирилген зыяны Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарынын кароосуна жаткан операциялардан тышкары, чакан жана орто бизнес чөйрөсүндөгү укук бузууларды текшерүүнү, табууну жана тергөөнү жүргүзүү;
- ар кандай чарба субъекттери жана/же жарандар ортосундагы мамлекетке зыян келтирүүгө байланышпаган, талаштарды чечүү, анын ичинде чарба субъекттеринин жана/же жарандардын жарандык мыйзамдар чөйрөсүнө кирген мындай талаштарды чечүүгө түздөн-түз кайрылууларын чечүү;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына жатпаган укук бузууларды табуу жана тергөө;
- Жасалма акчаны даярдоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө байланышкан укук бузууларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тийиштүү функцияларына өткөрүп берүү менен табуу жана тергөө;
- ЭЭМ үчүн зыяндуу программаларды түзүү, пайдалануу жана таратуу менен байланышкан укук бузууларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тийиштүү функцияларына өткөрүп берүү менен табуу жана тергөө.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы бир айлык мөөнөттө:
- иштин натыйжасы жөнүндө жарандык коомдун алдында ачык жана туруктуу отчеттулуктун механизмдерин ишин практикага киргизүүнү жана регламентин камсыз кылсын;
- иштин натыйжаларына карата "калктын ишеними индексин" милдеттүү чен өлчөм методикасын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- кадрлар менен иштөөнү, кызматка азырка жана коррупцияга тартылбаган кызматкерлерди тартуу жана кабыл алуу, коррупциялык көрүнүштөрдү пайда кылуучу себептерди жана шарттарды түп тамырынан жок кылуу жана алдын алуу ишин өркүндөтүү максатында бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө, кызматкерлерди аттестациялоодо жана ротациялоодо полиграфта (калпычылык детекторунда) тестирлөө системасын пайдалануу милдеттүү деп эсептелсин;
- чарба субъекттеринин ишине укук коргоо органдары тарабынан кайталоолорду жок кылуу жана мыйзамсыз кийлигишүүлөрдү кыскартуу максатында экономикалык кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт койуу, ачуу жана тергөө боюнча ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жана башка укук коргоо органдарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматына өткөрүп берүү жөнүндө ченемдик-укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин чектүү штаттык саны 30 пайызга кыскартылсын.
6. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №129 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №129 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы №116 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы жөнүндө" жобоПоложение · 25.03.2011 · № 116
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы №116 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык полиция Мамлекеттик кызматында кызмат өтүү жөнүндө" жобоПоложение · 25.03.2011 · № 116
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы №41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция…Постановление · 20.01.2012 · № 41
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн…Постановление · 13.06.2011 · № 305
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 129 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" жарлыгыУказ · 21.01.2011 · № 15 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 129 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон