# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы №93 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы №93 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92507>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14629/edition/388774/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92507.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы №93 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92507

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 3-марты №93 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Фермерлерге арзан кредит" долбоорунун алкагында кредиттик каражаттарды максималдуу өздөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

3-пункттун үчүнчү абзацындагы "майынын" деген сөз "июнунун" деген сөз менен алмаштырылсын; 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган токтом менен бекитилген "Фермерлерге арзан кредит" долбоорунда:

"Фермерлерге арзан кредит" деген сөздөрдү кошпогондо, бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "фермерлер" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "айыл чарба өндүрүүчүлөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; преамбуланын бешинчи абзацында жана "Түпкү алуучу үчүн шарттар" главасынын биринчи абзацында ар кандай жөндөмөдөгү "жеке жана коллективдүү дыйкан чарбалар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "айыл чарба өндүрүүчүлөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Күтүлгөн натыйжалар" главасында: расмий тилдеги 2-пункттун бешинчи абзацындагы "Доступное финансирование" деген сөздөр "Доступные кредиты" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пункттун үчүнчү-бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Бул тобокелдикти минималдаштыруу максатында долбоорго банктардын мүмкүн болгон көп санын тартуу зарыл."; 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын; расмий тилдеги "Тобокелди минималдаштыруу" главасынын биринчи абзацында "Доступное финансирование" деген сөздөр "Доступные кредиты фермерам" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Долбоордун баяндамасы" главасында: 5 жана 6-пункттарындагы "жана фермердик чарбаларга" жана "же фермердик чарбалар" деген сөздөр тиешелүү түрдө алып салынсын; расмий тилдеги 8-пункттун үчүнчү сүйлөмүндөгү "общество" деген сөз "обществу" деген сөз менен алмаштырылсын; 2 жана 3-тиркемелер күчүн жоготту деп табылсын; 4-тиркеменин бешинчи абзацындагы "Фермалар" деген сөз "Айыл чарба өндүрүүчүлөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

А. Атамбаев
