# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-мартындагы №111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-мартындагы №111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92504>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14626/edition/406777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92504.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-мартындагы №111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92504

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №122 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-марты № 111 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы № 143 «Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмүн жана ишин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө жободо:

- 9-пунктта:

экинчи абзацтагы «функцияларды жана ыйгарым укуктарды» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы менен макулдашуу боюнча» деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: «Статс-катчы министр менен макулдашуу боюнча:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ваканттык администрациялык мамлекеттик кызматка талапкерлерди дайындайт;

- администрациялык мамлекеттик кызматты ээлеген мамлекеттик кызматчыларды которууну жана ротциялоону ишке ашырат.»;

- 11-пункттун он экинчи абзацындагы «дайындайт жана» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А. Атамбаев
