# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 108 " Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча 2011-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 108 " Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча 2011-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14623/edition/1143434/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 108 " Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча 2011-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө" токтому (15.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92500

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 15-марты № 108 Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча 2011-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө

"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча 2011-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине белгиленген квотанын чектеринде Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана региондорунун ортосунда квоталарды кайра бөлүштүрүүгө укук берилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча 2011-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына КВОТА

| Региондор ├─────┬────────┬─────────┬──────────┬────────┬───────┬─────┤ | Экономика тармактары (адам) Өнөр жай жана куру- луш | Айыл жана токой чарбасы, кайра иштеп чыгаруу өнөр жайы | Транс- порт, коммуни- кация, геология- лык чалгындоо жана тоокен өнөр жайы | Соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, коомдук тамактануу жана башка экономи- калык ишмердик | Саламат- тык сактоо, билим берүү, илим, маданият жана искусс- тво | Кредит- төө, банк сектору камсыз- данды- руу | Бар- дыгы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Баткен облусу | 235 | 50 | 50 | 20 | 35 | 50 | 440 |
| Жалал-Абад облусу | 240 | 100 | 400 | 50 | 80 | 10 | 880 |
| Ысык-Көл облусу | 40 | 20 | 25 | 10 | 25 | 20 | 140 |
| Нарын облусу | 100 | 32 | 100 | 5 | 25 | 10 | 272 |
| Ош облусу | 450 | 20 | 25 | 1000 | 25 | 22 | 1542 |
| Талас облусу | 50 | 30 | 40 | 5 | 25 | 5 | 155 |
| Чүй облусу | 650 | 150 | 150 | 85 | 100 | 25 | 1160 |
| Бишкек шаары | 1870 | 40 | 500 | 2000 | 376 | 350 | 5136 |
| Ош шаары | 500 | 20 | 30 | 200 | 75 | 100 | 925 |
| Бардыгы | 4135 | 462 | 1320 | 3375 | 766 | 592 | 10650 |
