Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «92961» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-03-15.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 15-марты № 107 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы №499, 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 591, 2012-жылдын 10-январындагы № 5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Норма чыгаруу ишин андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2011-жылдын планы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2010-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын аткарылышы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор - 2011-жылдын планы боюнча жооптуу аткаруучулар:
- 2011-жылдын планында каралган мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген убактысында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин экспертизанын атайын түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуучу таасирге талдоону милдеттүү түрдө жүргүзүү жөнүндө талаптарын эске алуу менен иштеп чыгууну камсыздашсын;
- ведомстволук мыйзам долбоорлоо ишин пландоонун сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомство ичиндеги пландарын эки аптанын ичинде бекитишсин;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомство ичиндеги пландарын алар бекитилгенден кийин бир апталык мөөнөттөн кечиктирбестен беришсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 2011-жылдын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- 2011-жылдын планын аткарууну контролдосун;
- 2011-жылдын планы боюнча жооптуу аткаруучу болгон мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен квартал сайын жолугушуу өткөрсүн;
- жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2011-жылдын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
5. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тейлөөчү орун басарларына 2011-жылдын планында көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча топко тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 107 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин ПЛАНЫ (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы №499 , 2011-жылдын 23-сентябрындагы №591, 2012-жылдын 10-январындагы № 5 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
| Мыйзам долбоорунун аталышы | Жооптуу аткаруу- чулар | Долбоорду Өкмөттүн Аппара- тына киргизүү мөөнөтү | Жактыруу жана Жогорку Кеңештин кароо- суна киргизүү жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнө- тү(*) | Эскертүү | |
|---|---|---|---|---|---|
| Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө | |||||
| 1 | "Кыргыз Республикасы- нын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Мамле- кеттик бажы кызматы | I квартал | I квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү, бажы кызматынын системасында кызматкерлердин ички резервинен кызмат орундарына кабыл алуу дайындоо жол-жоболорду киргизүүгө, тиешелүү кызмат орундарына көтөрүүдө талаптарды белгилөөгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы N 342 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2010-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планынын 15-пунктунун 2-пунктчасын жүзөгө ашыруу максатында |
| 2 | Кыргыз Республикасы- нын мамлекеттик кызмат кодекси | Мамле- кеттик кадр кызматы (макул- дашуу боюнча) | III квартал | IV квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында |
| 3 | "Кыргыз Республикасы- нын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ИИМ, ЮМ | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 4 | "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу | ЮМ, УКМК | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 5 | Кыргыз Республикасы- нын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө | ЮМ, УКМК | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 6 | Кыргыз Республикасы- нын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө: - "Кыргыз Республикасы- нын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасы- нын чек ара кызматы жөнүндө" | УКМК | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 7 | Кыргыз Республикасы- нын дипломатиялык кызматы жөнүндө, (пакетте "Кыргыз Республикасы- нын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзам долбоору тиркемеси менен) | Тышкы иштер министр- лиги | III квартал | IV квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ишин укуктук камсыздоону өркүндөтүү максатында |
| 8 | Кыргыз Республикасы- нын Эл аралык келишимдери жөнүндө | Тышкы иштер министр- лиги | III квартал | IV квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин даярдоо, түзүү жана күчүнө кирүүсүн укуктук камсыздоо маселелерин өркүндөтүү максатында |
| 9 | "Кыргыз Республикасы- нын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу | ЮМ | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 10 | "Кыргыз Республикасы- нын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу | ЮМ, Улуттук банкы (макул- дашуу боюнча) | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 11 | "Кыргыз Республикасы- нын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Мамле- кеттик бажы кызматы | I квартал | II квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрынын N 342 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2010-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 15-пунктунун 5-пунктчасынын сыйлыктарды демилгелөө жана тартиптик жаза чараларын колдонуу системасын кайра кароо бөлүгүн жүзөгө ашыруу максатында |
| 12 | "Кыргыз Республикасы- нын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Социал- дык фонд (макул- дашуу боюнча) | I квартал | II квартал | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишин укуктук камсыздоону өркүндөтүү максатында |
| 13 | Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтү жөнүндө | ЮМ | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 14 | "Кыргыз Республикасы- нын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу | Башкы прокура- тура (макул- дашуу боюнча), ЮМ | II квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 15 | "Кыргыз Республикасы- нын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Мамле- кеттик салык кызматы | II квартал | II квартал | Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында кызмат өтөө маселелерин жөнгө салуу максатында |
| 16 | "Кыргыз Республикасы- нын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | МБК, ЧА УКМК | II квартал | II квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы N 342 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 1-пунктунун 3-пунктчасын ишке ашыруу жана функцияларды оптималдаштыруу, бажы чек арасындагы жоопкерчиликти аныктоо максатында |
| 17 | "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык- экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Финансы министр- лиги | III квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы N 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 40-пунктун ишке ашыруу максатында |
| 18 | "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Өзгөчө кырдаал- дар министр- лиги | II квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 19 | Бажы консультант- тары жөнүндө | МБК | III квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы N 342 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 4-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу, ошондой эле ТЭИ катышуучуларынын бажы иши чөйрөсүндөгү маалымдуулугун жакшыртуу максатында |
| 20 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө | Экономи- калык тескөө министр- лиги, КР Өкмөтү- нүн Аппара- ты, Жергилик түү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агентти- ги, Жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу орган- дары (макул- дашуу боюнча) | III квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы N 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 15-пунктун ишке ашыруу максатында |
| 21 | Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө | Матре- зерв фонду | III квартал | IV квартал | Социалдык-экономикалык чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында |
| Бюджет мамилелери чөйрөсүндө | |||||
| 22 | "Салык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу | Экономи- калык тескөө министр- лиги, Мамле- кеттик салык кызматы | I квартал | II квартал | Мыйзамдарга ылыйык келтирүү, салык эмес төлөмдөрдүн башкаруу контролун күчөтүүнү, салык эмес төлөмдөрдү алууга жооптуу мамлекеттик органды мыйзамдык аныктоону укуктук жөнгө салуу максатында |
| 23 | Кыргыз Республикасы- нын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө: - Кыргыз Республика- сындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө; - Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө | Улуттук банк (макул- дашуу боюнча), Экономи- калык тескөө министр- лиги | I квартал | II квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы N 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 53-пунктун ишке ашыруу максатында |
| 24 | "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу | Финансы министр- лиги | II квартал | II квартал | Мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун өркүндөтүү жана мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндөгү коррупцияны азайтуу. Мамлекеттик сатып алуу тейлөөлөрүндө жаңы (электрондук) методдорду киргизүү |
| 25 | "Кыргыз Республика- сындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрөд жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Финансы министр- лиги | II квартал | II квартал | 2009-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планына ылайык, мамлекеттик финансыны башкаруу системасын рефармалоону укуктук камсыздоо максатында |
| 26 | "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу | Финансы министр- лиги, | III квартал | IV квартал | 2009-2011-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 359 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторун, бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту реформалоо боюнча иш-чаралар планына ылайык |
| 27 | Кыргыз Республикасы- нын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014- жылдарга божомолу жөнүндө | Финансы министр- лиги | III квартал | IV квартал | "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык |
| 28 | Кыргыз Республикасы- нын "2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013- жылдарга божомолу жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Финансы министр- лиги | III квартал | IV квартал | "Кыргыз Ф Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана республикалык бюджетти аткаруу максатында |
| 29 | Кыргыз Республикасы- нын Социалдык фондсунун 2012-жылга бюджети жана 2013-2014- жылдарга божомолу жөнүндө | Социал- дык фонд | III квартал | IV квартал | "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык |
| 30 | Кыргыз Республикасы- нын Социалдык фондунун 2011-жылга бюджети жана 2012-2013- жылдарга божомолу жөнүндө Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Социал- дык фонд | III квартал | IV квартал | "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун бюджетин аткаруу максатында |
| Социалдык коргоо чөйрөсүндө | |||||
| 31 | КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 5 токтомуна ылайык күчүн жоготту | ||||
| 32 | Кыргыз Республикасы- нын Балдарды коргоо жана эл аралык бала асыроодогу кызматташтык жөнүндө 1993-жылдын 29-майында, Гаага шаарында кол коюлган конвенцияга кошулуусу тууралуу | Соцмин, | III квартал | IV квартал | Балдарды асырап алууну контролдоону күчөтүү жана башка мамлекеттин жарандары асырап алынган балдардын укуктарынын сакталышын камсыздоо максатында |
| Ишкердик чөйрөсүндө | |||||
| 33 | "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу | МБК, Экономи- калык тескөө министр- лиги, Жараты- лыш ресурс- тар министр- лиги | I квартал | I квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 42 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 3-пунктун ишке ашыруу, бажыга байланышкан чөйрөдөгү ишти жөнгө салууну жоюу максатында |
| 34 | "Кыргыз Республика- сындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Финкөзө- мөл | I квартал | II квартал | Оюн-зоок мекемелеринин ишин тартипке келтирүүнү укуктук камсыздоону өркүндөтүү оюн-зоок ишинин субъекттеринин тарабына салыктарды төлөөдөн качуусуна жол бербөө максатында |
| 35 | "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЮМ | I квартал | II квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 86-пунктун ишке ашыруу максатында |
| 36 | "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Экономи- калык тескөө министр- лиги | II квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана 2003-жылдын 28-октябрында Москва шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин, экспорттук контролдоонун бирдей тартиби жөнүндө макулдашуунун талаптарына ылайык келтирүү максатында |
| 37 | "Кыргыз Республикасы- нын Бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу | МБК, Экономи- калык тескөө министр- лиги | II квартал | II квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу ошондой эле боюнча иш-чаралар планынын 14-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу, тарифтик жөнгө салуу аркылуу экономиканын артыкчылыктуу багыттарын коргоо максатында |
| 38 | "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Экономи- калык тескөө министр- лиги, ФМ, ФМ-нын алдын- дагы, Баалуу металл- дар департа- менти | II квартал | II квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 116-пунктун ишке ашыруу максатында |
| 39 | "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Финкөзө- мөл | III квартал | III квартал | Акционерлердин жалпы чогулуштарын өткөрүү тартибине тиешелүү акционерлердин укуктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик органдын ишин, топтоо эсеби, акцияны жайгаштыруу, акционерлер реестрин кармоочунун маалыматты ачыкка чыгаруусу чөйлөрүнө тиешелүү ченемдерди тактоо максатында |
| 40 | "Мамлекет- тик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Экономи- калык тескөө министр- лиги | II квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 108-пунктун ишке ашыруу максатында |
| 41 | "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Экономи- калык тескөө министр- лиги, министр- ликтер жана ведомс- тволор | II квартал | III квартал | Ишкердикти жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 752 "Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомун жүзөгө ашыруу максатында |
| 42 | КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 591 токтомуна ылайык алынып салынды | ||||
| 43 | Лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө | Экономи- калык тескөө министр- лиги, Өзгөчө кырдаал- дар министр- лиги, Архитек- тура жана курулуш мамле- кеттик агент- тиги | IV квартал | 2012- жылдын I кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 112-пунктун ишке ашыруу, лицензиялоо-уруксат берүү системасын өркүндөтүү жана лицензияларды берүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү максатында |
| 44 | КР айрым мый- зам актылары- на өзгөртүү- өрдү жана то- луктоолорду киргизүү жө- үндө | Мамле- кеттик байланыш агентти- ги | IV квартал | 2012- жылдын I кварталы | Бар болгон жана жаңы байланыштын түрлөрүн өнүктүрүү, натыйжалуу иштетү үчүн шарттарды түзүү максатында. Жыштыктарды бөлүштүрүү жаатында мамлекеттик жана коомдук жөнгө салуунун жаңы механизмдерин киргизүү, ушул чөйрөдөгү мамлекеттик органдардын функцияларын, ыйгарым укуктарын кайра кароо, ушул чөйрөдөгү эл аралык тажрыйбаларды эске алуу |
| 45 | "Кыргыз Республика- сындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Улуттук банк (макул- дашуу боюнча) | IV квартал | 2012- жылдын I кварталы | Банктык коркунучтарды төмөндөтүү жана акционерлердин, директорлор кеңешинин жана банк башкаруучуларынын жоопкерчилигин күчөтүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында |
| Аскердик кызмат чөйрөсүндө | |||||
| 46 | "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулар- дын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (пакетте Кыргыз Республикасы- нын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасы- нын Мыйзам долбоору тиркемеси менен: - Кыргыз Республикасы- нын Салык кодекси; - Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсызданды- руу жөнүндө) | ӨКМ | I квартал | II квартал | Ыктыярдуу негизде түзүлгөн кыйроодон сактоо бөлүктөрүн жабдууну эске алуу менен түзүүнү тартипке келтирүү максатында. Өзгөчө кырдаалдарда иштөө, алдын-алуу жана өзгөчө кырдаалдырдын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык-куткаруу жана башка иш-чараларды өткөрүүгө жергилүүктүү өз алдынча башкаруу органдарынын туруктуу даярдыгын камсыздоо |
| 47 | Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча операцияларга Кыргыз Республика- сынын катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө | Коргоо министр- лиги | I квартал | III квартал | Конфликт зоналарына кирген аймактарда тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча миссияларга Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусу үчүн укуктук негиздерди түзүү |
| 48 | "Кыргыз Республика- сынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернатив- дик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Коргоо министр- лиги, ЮМ ӨКМ | III квартал | III квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү, ошондой эле кыйроодон сактоонун коомдук түзүлүштөрүндө турган Кыргыз Республикасынын жарандарына альтернативалык кызмат өтөөгө укук бере турган жоболорду бекитүү максатында |
| 49 | Кыргыз Республикасы- нын жаза аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө жөнүндө | Жазалар- ды аткаруу- нун мамле- кеттик кызматы | III квартал | III квартал | Жазаларды аткаруу системасынын маселелери боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле аларды "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында |
| 50 | Аскер кызматчылары- нын статусу жөнүндө | Коргоо министр- лиги, Мамле- кеттик улуттук коопсуз- дук кызматы (макул- дашуу боюнча) | III квартал | III квартал | Аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошотулган жарандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык социалдык коргоо жаатында ченемдерди ишке киргизүү максатында |
| 51 | "Кыргыз Республикасы- нын Ички иштер министрлиги- нин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ИИМ | III квартал | IV квартал | Ички иштер министрлигинин ички аскерлерине жүктөлгөн функцияларды аткарууга Ички иштер министрлигинин ички аскерлерин тартуунун жана мамлекеттик органдар менен эриш-аркак иштөөсүнүн тартиптерин регламентөө максатында |
| Маданият жаатында | |||||
| 52 | "Тарыхый-ма- даний мурастарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Маданият жана маалымат министр- лиги | III квартал | IV квартал | Өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарын сактап калуу боюнча шарттарды жакшыртуу чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү максатында |
| 53 | "Манас" эпосу жөнүндө | Маданият жана маалымат министр- лиги | III квартал | IV квартал | Кыргыз элинин кайталангыс рухий мурасы катары "Манас" эпосун сактоого, өнүктүрүүгө жана таанытууга байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында |
| 54 | Кыргыз Республика- сынын материалдык эмес маданий мурастарын коргоо жөнүндө | Маданият жана маалымат министр- лиги | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарын сактоо боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында |
| 55 | Кыргыз Республика- сындагы дене тарбиясы жана спорт жөнүндө | Дене тарбиясы жана спорт мамле- кеттик агент- тиги | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасында дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында |
| Камсыздандыруу чөйрөсүндө | |||||
| 56 | Кыргыз Республика- сында мамлекеттик социалдык камсызданды- руу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө (пакетте төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасы- нын Мыйзам долбоорунун тиркемеси менен: - Кыргыз Республика- сынын Граждандык кодекси; - Кыргыз Республикасы- нын Эмгек кодекси) | Соцфонд, Финан- сылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл- дөө боюнча мамле- кеттик кызматы | II квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 61-пунктун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргызстандын экономикасына Социалдык фонддун топтолгон каражаттарын инвестициялоо үчүн шарттарды түзүү |
| 57 | "Мамлекеттик социалдык камсызданды- руу боюнча камсыздан- дыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу | Соцфонд | II квартал | III квартал | Текстиль жана тигүү тармагында иштеген жеке ишкерлердин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөсүнүн жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында |
| 58 | (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы № 499 токтомунун редак- циясына ылайык) | ||||
| 59 | (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы № 499 токтомунун редак- циясына ылайык) | ||||
| 60 | Турак жайын милдеттүү камсызданды- руу жөнүндө | Архитек- тура жана курулуш мамле- кеттик агент- тиги | IV квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын турак жайын милдеттүү камсыздандыруунун ченемдик укуктук базасын түзүү максатында |
| Суу чарба жана жер мамилелери чөйрөсүндө | |||||
| 61 | "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЮМ, АЧМ | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 62 | (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы № 499 токтомунун редак- циясына ылайык) | ||||
| 63 | "Суу пайдала- нуучулардын бирикмелери (ассоциация- лары)жөнүндө" КР Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртү- үлөрдү кирги- зүү тууралуу" | Суу чарбасы жана мелиора- ция боюнча мамко- митет | III квартал | IV квартал | Суу пайдалануучулардын бирикмелеринин ишин мамлекеттик көзөмөлдөөнүн жол-жоболорун тактоо жана Суу пайдалануучулардын федерациясын түзүүнүн жана иштөөсүнүн укуктук негиздерин аныктоо максатында |
| Антимонополдук жөнгө салуу чөйрөсүндө | |||||
| 64 | Атаандаштык жөнүндө | Антимо- нополия- лык жөнгө салуу мамле- кеттик агент- тиги | I квартал | II квартал | Мыйзамсыз атаандаштыкка жана монополиялык ишке натыйжалуу бөгөт коюу жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо максатында |
| 65 | Кыргыз Республикасы- нын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө: - "Энергетика жөнүндө"; - "Маданият жөнүндө"; - "Мамлекет- тик алым жөнүндө"; - "Кыргыз Республика- сындагы жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө"; - "Почталык байланыш жөнүндө"; - "Электрдик почталык байланыш жөнүндө"; - "Кыргыз Республика- сындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" | Антимо- нополия- лык жөнгө салуу мамле- кеттик агент- тиги | II квартал | III квартал | Антимонополиялык жөнгө салуу маселелери боюнча жөнгө салуу органын тактоо максатында |
| 66 | Кыргыз Республика- сындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө | Антимо- нополия- лык жөнгө салуу мамле- кеттик агент- тиги | II квартал | III квартал | Экономиканын бардык тармагында бирдиктүү мамлекеттик антимонополиялык жөнгө салууну ишке ашыруу |
| 67 | "Кыргыз Республика- сындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Антимо- нополия- лык жөнгө салуу мамле- кеттик агент- тиги | III квартал | IV квартал | Мүмкүн болуучу монополиялык иштерди жана басымдуулук абалын кыянаттык менен пайдаланууну жоюу максатында эркин экономикалык зоналардын субъекттеринин ишин антимонополдук жөнгө салууну белгилөө бөлүгүнө |
| Билим берүү чөйрөсүндө | |||||
| 68 | "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЮМ, Билим берүү министр- лиги | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| Укуктук тартип чөйрөсүндө | |||||
| 69 | Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамле- кеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуу- лукка каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификация- лоо тууралуу | ИИМ | I квартал | II квартал | Кылмыштарды, ошондой эле уюшкан кылмыштык топтор жасаган кылмыштарды алдын алуу, бөгөт коюу, табуу жана ачуу жаатындагы алган милдеттенмени аткаруу максатында. Кылмыштык кубалоодон, издөөдөн же өкүмдөрдү аткаруудан качкан адамдарды, ошондой эле дайынсыз жогологон адамдарды издөө жөнүндө сурамдарды аткаруу жана маалымат алмашуу |
| 70 | (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы № 499 токтомунун редак- циясына ылайык) | ||||
| 71 | Астана шаарында 2009-жылдын 22-майда кол коюлган, Кылмыштуулук- ка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматты алмашуу жөнүндө макулдашууну ратификация- лоо тууралуу | ИИМ | I квартал | II квартал | КМШга мүчө мамлекеттери менен маалымат алмашуу боюнча алган милдеттенмени аткаруу, кылмыштар жана аларды кылган адамдар тууралуу мамлекеттер ортосундагы бирдиктүү маалымат банкын түзүү |
| 72 | Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги- не мүчө-мам- лекеттеринин маданий мурастарды уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтаруусун камсыздоодогу кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификация- лоо тууралуу | ИИМ | I квартал | II квартал | Маданий мурастарды уурдоо менен байланышкан кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу, табуу жана ачуу, аларды издөө, кайтарууну камсыздоо боюнча алган милдеттенмени аткаруу максатында. Жоголгон, уурдалган. кармалган, колго түшүрүлгөн же конфискация болгон маданий мурастар жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү жана маалымат алмашуу |
| 73 | "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Башкы прокура- тура (макул- дашуу боюнча), ИИМ, МУКК | I квартал | II квартал | Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү, ошондой эле экономикалык жана коррупциялык кылмыштуулукка, жеке адамга каршы оор жана өтө оор кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү укуктук камсыздоо максатында |
| 74 | Тынч чогулуштар жөнүндө | ЮМ | II квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 75 | Террорчулук жана экстремисттик аракеттерди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдашты- рууга (адалдоого) каршы күрөшүү жөнүндө (пакетте Кыргыз Республикасы- нын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоору тиркемеси менен: - Кыргыз Республика- сынын Администра- циялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси; - Кыргыз Республика- сынын Кылмыш-жаза кодекси; - Кыргыз Республика- сынын Граждандык кодекси; - Кыргыз Республикасы- нын Бажы кодекси; - Кыргыз Республикасы- нын Салык кодекси; - "Кыргыз Республика- сындагы банктар жана банк иши жөнүндө"; - "Банктык сыр жөнүндө"; - "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасы- нын Улуттук банкы жөнүндө"; - "Коммер- циялык сыр жөнүндө"; - "Кыймылсыз мүлккө укуктар жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө"; - "Кыргыз Республика- сындагы риэлтордук иш жөнүндө"; - "Кыргыз Республика- сындагы оюн-зоок иши жөнүндө"; - "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө"; - "Почта байланышы жөнүндө"; - "Кыргыз Республика- сындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө"; - "Банктык аманаттарды (депозиттер- ди) коргоо жөнүндө"; - "Лотереялар жөнүндө"; - "Террори- зимге каршы аракеттенүү жөнүндө"; - "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө"; - "Кыргыз Республика- сында камсызданды- рууну уюштуруу жөнүндө"; - "Мамлекет- тик статистика жөнүндө"; - "Кыргыз Республика- сында инвестициялар жөнүндө" | Финансы- лык чалгын- доо малекет- тик кызматы | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын 2008-жылдагы 23-июндагы № 129 Мыйзамы менен ратификацияланган, Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана террорчулукту каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин келишимине ылайык алган милдеттенмелерди ишке ашыруу максатында. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндигин жана укугун камсыздоо, коомдук тартипти коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле террорчулукту (экстримизм) каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аткаруу үчүн |
| 76 | "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (пакетте Кыргыз Республикасы- нын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоору тиркемеси менен: - Кыргыз Республика- сынын Администра- циялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси; - Кыргыз Республика- сынын Кылмыш-жаза кодекси; - Кыргыз Республика- сынын Граждандык- процесстик кодекси) | Эмгекмин | II квартал | II квартал | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы БУУнун Конвенциясына, Адамдарды, өзгөчө аялдар менен балдарды сатуунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу жана ал үчүн жазалоо жөнүндө толуктоочу протоколдун 2-берененин б-пунктуна ылайык келтирүү максатында |
| Жарандын жана адамдын конституциялык укуктары чөйрөсүндө | |||||
| 77 | "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Мамле- кеттик каттоо кызматы | I квартал | I квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 78 | "Кыргыз Республикасы- нын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Мамле- кеттик каттоо кызматы | I квартал | I квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 79 | "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЮМ | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 80 | "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республика- сындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЮМ | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 81 | "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүк- төрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ЮМ | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 82 | "КР дин тутуу эркиндиги жа- на диний уюм- дары жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толукто- олорду кирги- зүү жөнүндө" | "КР Өк- мөтүнө караштуу Дин иш- тери бо- юнча ма- млекетт- ик коми- ссия" | III квартал | IV квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| Жаратылыш ресурстар чөйрөсүндө | |||||
| 83 | "Кыргыз Республика- сында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Жараты- лыш ресурс- тары министр- лиги, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамле- кеттик агент- тиги | I квартал | II квартал | Кендерди иштетүү менен байланышкан маселелерди укуктук регламентөө максатында жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри- нин 2010-жылдын 22-сентябрындагы № 19-13873 тапшырмасына ылайык |
| 84 | Кайра пайдаланылуу- чу ресурстар жөнүндө | Өзгөчө кырдаал- дар министр- лиги | IV квартал | IV квартал | Кайра пайдалануу үчүн байланышкан маселелерди жөнгө салууну укуктун регламентөө максатында |
| 85 | "Кен байлыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (пакетте Кыргыз Республикасы- нын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоору тиркемеси менен: - Кыргыз Республика- сынын Салык кодекси; - Кыргыз Республика- сынын Жер кодекси; - "Салык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамы | Жараты- лыш ресурс- тары министр- лиги | II квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 11-октябрындагы № 132-б буйругу менен бекитилген) сунушу менен Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоо максатында |
| 86 | Өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдар жөнүндө | Жараты- лыш реурста- ры министр- лиги | II квартал | III квартал | Ишкердикти жөнгө салган ченемдик укуктук базаны оптималдыштырууну өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2010-жылдын 19-мартындагы № 20, 2010-жылдын 1-февралындагы № 18, 2009-жылдын 1-декабрындагы № 15 протоколдорун жүзөгө ашыруу максатында |
| 87 | Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу | Жараты- лыш реурста- ры министр- лиги | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш сунуш кылган Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын реформалоо максатында (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 132-б буйругу менен бекитилген) |
| 88 | Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент | Жараты- лыш реурста- ры министр- лиги | III квартал | IV квартал | "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу, кооптуу, өндүрүш объекттерин коопсуз колдоонууну камсыздоонун укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин аныктоо, ошондой эле аларда кырсыктардын алдын алуу, ушундай объекттерди иштетип жаткан уюмдардын кырсыктарды чектөөгө жана алардын кесепеттерин жоюуга болгон даярдыгын камсыздоо максатында |
| Курулуш, энергетика жана жарандардын турак-жайга болгон укугу чөйрөсүндө | |||||
| 89 | "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Экономи- калык тескөө министр- лиги, Архитек- тура жана курулуш мамле- кеттик агент- тиги | II квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 104-пунктун ишке ашыруу максатында |
| 90 | "Кыргыз Республика- сында жеке турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Экономи- калык тескөө министр- лиги, Архитек- тура жана курулуш мамле- кеттик агент- тиги | II квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 104-пунктун ишке ашыруу максатында |
| 91 | Имараттардын энергетикалык натыйжайлуу- лугу жөнүндө | Архитек- тура жана курулуш мамле- кеттик агент- тиги, ЮМ, Жараты- лыш ресурс- тары министр- лиги, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамле- кеттик агент- тиги | II квартал | II квартал | Имараттардын энергетикалык натыйжайлуулугун жогорулатуу боюнча укуктук, экономикалык, уюштуруу негиздерин белгилөө, отказандардын жылытуу системанын жана ысык суунун натыйжалуулугун контролдоону ишке ашыруу. Буу газдардын чыгуусунун өлчөмүн азайтуу |
| 92 | "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Экономи- калык тескөө министр- лиги | II квартал | III квартал | Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүүгө дем берүүнүн укуктук жана экономикалык механизмдерин белгилөө |
| Өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө | |||||
| 93 | "Кыргыз Республикасы- нын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | Өзгөчө кырдаал- дар министр- лиги | III квартал | IV квартал | Мурдагы уран өндүрүшүн реабилитациялоо жана коопсуз колдонууну укуктук камсыздоо максатында |
| Кодификация | |||||
| 94 | Кыргыз Республикасы- нын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Финансы министр- лиги, Экономи- калык тескөө министр- лиги МСК | I квартал | I квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында |
| 95 | Кыргыз Республикасы- нын Админис- трациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу | Экономи- калык тескөө министр- лиги, Архитек- тура жана курулуш мамле- кеттик агент- тиги Жараты- лыш реурста- ры министр- лиги | III квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын ишке ашыруу максатында |
| 96 | Кыргыз Республикасы- нын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ЮМ, министр- ликтер жана ведомс- тволор | I квартал | II квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 97 | Кыргыз Республикасы- нын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ЮМ, министр- ликтер жана ведомс- тволор | II квартал | III квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 98 | Кыргыз Республикасы- нын Жазык-про- цесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ЮМ, министр- ликтер жана ведомс- тволор | II квартал | III квартал | Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында |
| 99 | Кыргыз Республикасы- нын Турак жай кодекси | Архитек- тура жана курулуш мамле- кеттик агент- тиги, ЮМ Экономи- калык тескөө министр- лиги, Соцмин | IV квартал | IV квартал | Турак жайлык укук мамилелерин жөнгө салуу максатында |
| 100 | Кыргыз Республикасы- нын Шаар-куруу кодекси | Архитек- тура жана курулуш мамле- кеттик агент- тиги | IV квартал | IV квартал | Шаар-курулушу, архитектура жана курулуш иши чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу максатында |
| 101 | Кыргыз Республикасы- нын Бюджет кодекси | ФМ, Экономи- калык тескөө министр- лиги | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында |
(*) Жактыруу жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун белгиленген мөөнөттөрдө чыгарууда тиешелүү министрликтерден жана ведомстволордон тышкары жооптуу аткаруучулар болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү саналат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы №291 "Манас" эпосунун училтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.06.2011 · № 291 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы №499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 107 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам…Постановление · 24.08.2011 · № 499 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам долбоорлоо…Постановление · 23.09.2011 · № 591 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам…Постановление · 10.01.2012 · № 5 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы №499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 107 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам…Постановление · 24.08.2011 · № 499 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам долбоорлоо…Постановление · 23.09.2011 · № 591 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга карата мыйзам…Постановление · 10.01.2012 · № 5 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.