# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 105 "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 105 "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92497>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14620/edition/1143414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92497.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 105 "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому (15.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92497

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 15-марты № 105 "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине жардам көрсөтүү жөнүндө "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине көмөкчү чарба уюштурууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссиянын чечими менен төмөнкүлөрдү акысыз бөлүштүрүүнү камсыз кылсын:

- тракторлорду сатып алуу үчүн 30 млн. юань суммасында Кыргыз Республикасына бөлүнүп берилүүчү, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн берилүүчү грантынын эсебинен 2 тракторду;

- 2011-жылдагы жазгы себүүнү жүргүзүү үчүн Россия Федерациясынан келип түшүүчү жазгы арпанын 22 тонна үрөнүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдагы жазгы себүүнү жүргүзүү үчүн "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине Россия Федерациясынан келип түшүүчү жазгы арпанын 22 тонна үрөнүн жана тракторлорду сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасына бөлүнүп берилүүчү, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн берилүүчү грантынын эсебинен 2 тракторду акысыз бөлүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бюджеттик каражат издеп тапсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 "2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жана дизель отуну менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна ылайык Талас облусунун лимитинин алынбаган көлөмдөрүнүн эсебинен 2010-жылы Россия Федерациясынан келип түшкөн 14,0 тонна дизел отунун берсин.

4. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна көмөкчү чарбанын ишин жүзөгө ашыруу үчүн "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине жеңилдиктүү кредитти бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев
