Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2011-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-17.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 9-марты № 103 2011-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 2011-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тиркелген тизмеси бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 103 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын I жарым жылындагы жыйындарында каралуучу негизги маселелердин ТИЗМЕСИ
| N | Маселенин аталышы | Маселени даярдоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган | Баяндамачы |
|---|---|---|---|
| 23-мартта | |||
| 1 | Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын 2010-жыл үчүн жасалган иши жөнүндө отчету | Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча башкы дирекция | Кыргыз Республикасынын министри - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча башкы дирекциянын башкы директору |
| 2 | 2009-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жасаган аудиттин жыйынтыктары тууралуу | Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги | Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын төрагасы |
| 3 | Жазгы талаа иштерин өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри |
| 4 | "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө | Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын юстиция министри |
| 5 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин материалдык-техникалык камсыздоо жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы |
| 22-апрелде | |||
| 1 | "Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри |
| 2 | 2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри |
| 3 | Аскер кызматчыларынын аскердик кызматтар боюнча маяналарын 30%ке көбөйтүү жана эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын Коргоо министри |
| 4 | 2011-жылдын вегетациясына карай мамлекеттик ирригациялык тармактарды даярдоонун жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети | Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы |
| 5 | "Экономика жана коопсуздук" иш-чараларынын планын 2011-жылдын I кварталында аткаруунун жана ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министри |
| 6 | (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 326 токтомуна ылайык алып салынды) | ||
| 7 | 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата экономикалык тармактарын жана калкты даярдоо жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери жана ведомстволору | Кыргыз Республикасынын энергетика министри |
| 8 | Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын I кварталындагы социалдык-экономика өнүгүшүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги | Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри |
| 9 | Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын юстиция министри |
| 20-майда | |||
| 1 | Капиталындагы мамлекеттик катышуу үлүшү 50 жана андан ашык процент өлчөмүндө болгон акционердик коомдордогу корпоративдик башкаруунун деңгээлин жогорулатууну уюштуруу жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы |
| 2 | Шаар курулушун долбоорлорунун кыргыз илимий-изилдөө институту иштеп чыккан Ош шаарынын башкы планын кароо жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору |
| 3 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометрология боюнча агенттикти 5 жылга өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу программасы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометрология боюнча агенттик | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри |
| 4 | Кыргыз Республикасынын аналогдуктан санариптик берүүлөргө өтүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
| 5 | Кыргыз Республикасынын ИББсынын катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри |
| 6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү курал-жарак, аскердик техника, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо боюнча ишинин абалы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын коргоо министри |
| 7 | Апостилди коюу үчүн жыйымдарды алуу тартиби жана алардын өлчөмдөрү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын юстиция министри |
| 17-июнда | |||
| 1 | Нарын жана Баткен облустарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү, уюштуруу-инс- пектордук иш жана аймактык башкаруу бөлүмү, экономикалык жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү | Нарын жана Баткен облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация- ларынын башчылары - губернаторлор |
| 2 | Фондулук рынокто мамлекеттик кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү кагаздарды чыгаруу жана колдонуу, ошондой эле нормативдик укуктук жана техникалык базаны камсыз кылуу жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы |
| 3 | 2011-2014-жылдарга Турак-жай курулушунун улуттук программасы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору |
| 4 | Мамлекеттик бийлик органдары менен биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жыйынтыгы жана өз ара аракеттенүүнү андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын коргоо министри |
| 5 | Куралдуу Күчтөрдүн курамына кирген күч түзүмдөрү үчүн бирдиктүү аскердик госпиталды, аскердик бейтапкананы жана аскердик-дарыгердик комиссияны түзүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын коргоо министри |
| 6 | Сары-Жаз дарыясынын гидроэнергетикалык ресурстарын өздөштүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги | Кыргыз Республикасынын энергетика министри |
| 7 | 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" саламаттыкты сактоону реформалоонун улуттук программасынын чегинде саламаттык сактоону реформалоонун жыйынтыктары жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри |
| 8 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы N 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын юстиция министри |
| 9 | Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө программасы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги | Кыргыз Республикасынын энергетика министри |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 103 "2011-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 17.06.2011 · № 326 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.07.1994 · № 521 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 103 "2011-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 17.06.2011 · № 326 · Күчүн жоготкон