# К Р Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы №102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобону жана Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: К Р Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы №102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобону жана Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14617/edition/835994/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: К Р Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы №102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобону жана Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92494

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 9-марты № 102 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобону жана атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тууралуу жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тууралуу жобо.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-октябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фонду жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин Атайын жабык эсеби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-сентябрындагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин Атайын жабык эсеби жөнүндөгү жобону бекитүү туралуу" "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы № 443 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин Атайын жабык эсеби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы № 443 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев
