Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 25 марта 2016 года № 150 "О реализации Закона Кыргызской Республики "О государственных закупках товаров обществ инвалидов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-25.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 2-марты № 88 «Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу «Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик заказды берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун товарларына мамлекеттик муктаждыктарды канааттандырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмесин аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;
- товарлардын ассортиментин, алардын көлөмдөрүн жана берүү мөөнөттөрүн, ошондой эле мамлекеттик заказчылар үчүн квоталарды (мамлекеттик брондоону) Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому менен макулдашуу боюнча аныктасын.
3. Мамлекеттик заказчылар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген квота боюнча товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн зарыл болгон ассортиментин аныкташат жана Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна мамлекеттик заказды берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
4. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому (макулдашуу боюнча):
- өндүрүштүк ишканалардын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген иштеп жаткан адамдардын саны иштегендердин жалпы санынын 51 пайыздан кем эмесин түзгөн ишканалардын ичинен мамлекеттик заказды аткаруучуларды аныктасын;
- буюмдун калькуляциясын иштеп чыксын, наркын аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине эсептик бааларды макулдашууга жиберсин;
- аткаруучулардын товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө мамлекеттик заказчы менен келишин түзүүсүн белгиленген тартипте камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз азиздер жана дүлөйлер коомунун ишканалары чыгаруучу продукцияларга жана товарларга баа белгилөөнү камсыз кылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 16.05.2009 · № 156 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150 ""Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке…Постановление · 25.03.2016 · № 150 · Күчүн жоготкон