# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №86 "«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №86 "«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92488>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14611/edition/385809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92488.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №86 "«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92488

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 2-мартындагы № 86 «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө 2011-жылы спирт жана алкоголдук продукция өндүрүү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу жана «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүү үчүн 2011-жылдын 31-декабрына чейин буудайды бир булактан алуу методу менен сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 122 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 6-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А. Атамбаев
