Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 августа 2015 года № 564 "О мерах по реализации требований статей 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232 Закона Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-08-10.
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-февралы № 63 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинүүчү товарлар боюнча маалыматтарды түзүү жана пайдалануу аркылуу алып келинүүчү товарлардын бажылык наркын контролдоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банкттарды жана камсыздандыруу уюмдарын Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби боюнча нускамада:
- 1.1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитет (мындан ары - Кирешелер боюнча комитет)» деген сөздөр «бажы иши боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кирешелер боюнча комитет» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «бажы иши боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.5-пункттун төртүнчү абзацындагы, 2.7-пункттун 3-пунктчасынын экинчи абзацындагы жана 3.2-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.1-пункттун үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Нускамага 1, 2-тиркемелердин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитет» жана «Кирешелер боюнча комитет» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «бажы иши боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бажы аймагына алынып келинүүчү товарлар боюнча маалыматтарды түзүүнүн жана пайдалануунун тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3. Баа маалыматы дүйнөлүк рыноктун дайыма өзгөрүп турган коньюнктурасын жана Кыргыз Республикасына импорттун түзүмүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги менен макулдашуу боюнча бажы иши боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинүүчү товарлардын бажылык наркын контролдоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бажы органдарына билдирилет. Бажы иши боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган расмий сайтка Баа маалыматын белгиленген тартипте жайгаштырууга милдеттүү.»;
- бүткүл текст боюнча «БКД» деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөдө «бажы иши боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 11 марта 2005 года № 123 "О мерах по реализации требований Таможенного кодекса Кыргызской Республики"Постановление · 11.03.2005 · № 123 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы №472 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.08.2011 · № 472 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 767
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128…Постановление · 10.08.2015 · № 564
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 11 марта 2005 года № 123 "О мерах по реализации требований Таможенного кодекса Кыргызской Республики"Постановление · 11.03.2005 · № 123 · Күчүн жоготкон