# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы №61 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 «Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы №61 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 «Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92470>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14595/edition/385833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92470.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы №61 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 «Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (22.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92470

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-февралындагы № 61 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 «Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 «Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомго 2-тиркеме төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:

«

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Октябрь көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан шаардык прокуратуранын администрациялык имараты

1

0,3

»;

- «Жыйынтыгы» позициясы алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясы менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жана уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А. Атамбаев
