Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 «Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-февралындагы № 61 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 «Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 «Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомго 2-тиркеме төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:
«
Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Октябрь көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан шаардык прокуратуранын администрациялык имараты
1
0,3
»;
- «Жыйынтыгы» позициясы алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясы менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жана уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.