# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92464>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14589/edition/629438/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92464.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому (26.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92464

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 26-марты № 162 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 15-февралы № 45 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 «Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 6-пункттагы «Администрациясынын» деген сөз «Аппаратынын» деген сөз менен алмаштырылсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-мартындагы № 102 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-мартындагы № 102 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги № 292 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 190 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-мартындагы № 102 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 6 токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

А. Атамбаев
