# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө»" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө»" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14587/edition/1143372/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92462.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө»" токтому (15.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92462

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 15-февралы № 43 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө» Этиль спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүүнүн сапатына натыйжалуу мамлекеттик контролду камсыздоо максатында жана Кыргыз Республикасынын «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жана «Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аталган долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этиль спиртин, алкоголдуу жана спиртүү продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун жогоруда аталган долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Премьер - министр

А. Атамбаев

Долбоор «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укутуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесинин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этиль спиртин, алкоголдуу жана спиртүү продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик».

2. Бул токтом расмий жарыялан күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
