# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92456>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14581/edition/452422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92456.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому (10.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92456

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-январы № 28 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүлүшүнө байланыштуу, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты ишин жаңыдан баштагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген Регламенти (мындан ары - Регламент) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар менен мекемелер (мындан ары - мамлекеттик органдар):

- ушул Регламентти жетекчиликке жана кыйшаюусуз аткарууга алышсын;

- өздөрүнүн чечимдерин он күндүк мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө ушул Регламенттин жоболорун окуп-үйрөнүү боюнча ишти уюштурушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын расмий чечмелөө (түшүндүрүү) Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси тарабынан ушул Регламентте аныкталган тартипте жүзөгө ашырылаары белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 168 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыз кылуу бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А. Атамбаев
