# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы №26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы №26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14574/edition/371917/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92444.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы №26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө" токтому (18.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92444

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2008-жылдын 29-январы №26 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамынын өзгөрүшүнө жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы №213 токтому менен мурда дайындалган Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамынан чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Исмаилов Мурат Аманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн бир жылдык мөөнөткө Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

И.Чудинов
