# КР УӨ 2010-жылдын 13-июлундагы №126 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясы жөнүндө жобону, Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 13-июлундагы №126 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясы жөнүндө жобону, Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14569/edition/850242/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 13-июлундагы №126 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясы жөнүндө жобону, Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартибин бекитүү тууралуу" токтому (11.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92437

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 661 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 13-июлу УӨ № 126 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясы жөнүндө жобону, Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартибин бекитүү тууралуу "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясы жөнүндө жобо (1-тиркеме);

- Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (2-тиркеме);

- Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартиби (3-тиркеме).

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 126 токтомуна 3-тиркеме

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу ТАРТИБИ

Бул тартип "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бекитилген жана жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартибин аныктайт.

1. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын (мындан ары лицензия) колдонулушун токтото туруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

2. Лицензиянын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш планында каралган жеке нотариустун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча же кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча, нотариат ишин жүргүзүү жана нотариат иштерин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларды жүргүзүү тартиби жеке нотариус тарабынан бузулганда;

- жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар адам кайрылганда.

3. Кызматтык териштирүүнү дайындоонун негизи болуп төмөнкү булактардан алынган мыйзам бузулгандыгы жөнүндө маалыматтардын жана далилдердин болушу эсептелет:

- укук коргоо органдарынан алынган маалыматтар;

- нотариустардын мыйзамсыз иш аракеттери жөнүндө соттун аныктамасы;

- нотариуска карата кылмыш иши козголгондугу жөнүндө укук коргоо органдарынын маалыматы;

- нотариустар тарабынан мыйзам бузулгандыгы жөнүндө маалыматтардын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы;

- нотариустардын иш-аракеттерине жеке адамдардын жана юридикалык жактардын кайрылуусу.

4. Кызматтык териштирүүнүн негизинде нотариат ишин жүргүзүү жана нотариат иштерин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларды жүргүзүү тартиби бузулгандыгы далилденсе, лицензиянын колдонулушу мыйзам бузуулардын мүнөзүнө жараша үч айлык мөөнөткө чейин токтотулат.

5. Жеке нотариустардын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин бекитилген иш планына ылайык жүргүзүлөт.

6. Жеке нотариустун лицензиясынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө кайрылуусу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилет жана он күндүн ичинде каралат.

Лицензиясынын колдонулушун токтотуу жөнүндө кайрылган адамдын лицензиясы кайрылууда көрсөтүлгөн мөөнөткө токтотулат, бирок бир жылдан ашырылбайт.

7. Лицензиясынын колдонулушу токтотулган жеке адам Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине же анын аймактык органына үч күндүк мөөнөттө келип, лицензиясын, өздүк мөөрүн жана штамптарын, катуу отчеттуулук бланктарын, жеке нотариат ишин жүргүзгөн мезгил үчүн отчетту сактоого өткөрүп берүүгө милдетүү. Нотариат документтери жеке нотариат иши жүргүзүлгөн жердеги мамлекеттик нотариат кеңсесинин архивине өткөрүлүүгө жатат. Аймактык юстиция органы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине бул иш боюнча жазуу жүзүндө маалымат жиберүүгө тийиш.

Жеке нотариус көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаган учурда юстиция органы анын гербдүү мөөрү жана лицензиясы жараксыз деп табылгандыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

8. Лицензиясынын колдонулушу ушул Тартиптин 2-пунктунун экинчи абзацында каралган негиздер боюнча токтотулган адамдын квалификациясын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жеке нотраиусту нотариат кеңсесине стажировкадан өтүүгө жибере алат.

9. Лицензиянын колдонулуу мөөнөтүн калыбына келтирүү жеке нотариустун арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен жүргүзүлөт.

10. Эгерде жеке нотариус мамлекеттик нотариат кеңсесине стажировкадан өтүү үчүн жиберилсе, анын лицензиясынын колдонулушун калыбына келтирүү үчүн жеке нотариус стажировкадан өткөндүгү тууралуу юстициянын тиешелүү аймактык органынын жетекчиси тарабынан бекитилген планды жана отчетту тапшырууга тийиш.
