# КР УӨ 2010-жылдын 12-июлундагы №125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 12-июлундагы №125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14566/edition/1283593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 12-июлундагы №125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (10.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92433

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-июлу УӨ № 125 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Визалык режимди либералдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык, ишкердик жана туристтик тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:

"Андорра Аргентина Бразилия Ватикан Вьетнам Таиланд королдугу Сауд Аравия королдугу Мексика Бириккен Араб Эмираттары Сан-Марино Филиппин";

- токтомдун 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Тизмеге кирген чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларын жеке кайрылуунун негизинде, 90 күнгө чейинки мөөнөткө "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерин каттоодон бошотуу менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын тиешелүү органдарынан алууга укуктуу экендиги белгиленсин.";

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматына жүктөлсүн.".

2. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
