# КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №119 "2000-жылдын 8-майындагы № 256 «Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №119 "2000-жылдын 8-майындагы № 256 «Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14562/edition/414552/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №119 "2000-жылдын 8-майындагы № 256 «Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому (09.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92429

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 9-июлу №119 2000-жылдын 8-майындагы № 256 «Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин билим берүү мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2000-жылдын 8-майындагы №256 «Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1.2-пункттун алтынчы абзацы алынып салынсын;

- 3.1-пунктта:

экинчи абзац «бюджеттик» деген сөздөн кийин «жана контракттык» деген сөздөр менен толукталсын; сегизинчи абзац алынып салынсын;

- 4.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«- башкаруу;

- ресурстук борборлор;».

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
