# КР УӨ 2010-жылдын 5-июлундагы №115 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын кызматтык маянасына «улуттук» деген статус үчүн кошумча акы белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 5-июлундагы №115 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын кызматтык маянасына «улуттук» деген статус үчүн кошумча акы белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92423>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14557/edition/414602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92423.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 5-июлундагы №115 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын кызматтык маянасына «улуттук» деген статус үчүн кошумча акы белгилөө жөнүндө" токтому (24.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92423

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 5-июлу №115 Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын кызматтык маянасына «улуттук» деген статус үчүн кошумча акы белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 84 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына «улуттук» деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелерине жана уюмдарына «улуттук» статусун ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын ишин шыктандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын кызматтык маянасына 20 пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналына кошумча акыны тийиштүү жылга каралган каражаттардын чегинде төлөсүн.

3. Бул буйрук 2010-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р. Отунбаева
