Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УӨ «Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын кызматтык маянасына «улуттук» деген статус үчүн кошумча акы белгилөө жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 мая 2011 года № 239 "О надбавках к должностным окладам работников государственных учреждений и организаций, имеющих статус "национальный" или почетное звание "академический""» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-05-24.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 5-июлу №115 Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын кызматтык маянасына «улуттук» деген статус үчүн кошумча акы белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 84 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына «улуттук» деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелерине жана уюмдарына «улуттук» статусун ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын ишин шыктандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын кызматтык маянасына 20 пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жарандык персоналына кошумча акыны тийиштүү жылга каралган каражаттардын чегинде төлөсүн.
3. Бул буйрук 2010-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
- Указ Президента КР от 10 апреля 2002 года УП N 84 "О порядке присвоения статуса "национальный" государственным учреждениям и организациям Кыргызской Республики"Указ · 10.04.2002 · № 84
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.