Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УӨ «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 июля 2024 года № 423 "О некоторых вопросах Национального института стратегических инициатив при Президенте Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-07-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы N 423 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 2-июлундагы УӨ № 114 Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жөнүндө Мамлекеттик органдардын стратегиялык чечимдерди кабыл алышын эксперттик-аналитикалык камсыздоо максатында, эксперттик жамаатты координациялоочу мамлекеттик мекемелердин иштерин оптималдаштыруу зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле тийиштүү бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтунун, Кыргызстандын Өнүктүрүү институтунун жана Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине караштуу Келечектүү иштеп чыгуулар борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту эки апталык мөөнөттүн ичинде жобосунун жана штаттык санынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
3. Бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарына ылайык Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтун түзүүгө байланыштуу финансылык маселелерди чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтун жайгаштыруу маселесин чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төмөндөгү токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин:
- 2010-жылдын 12-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтун жоюу жөнүндө" токтому;
- 2010-жылдын 12-июнундагы № 80 "Кыргызстандын Өнүктүрүү институтун жоюу жөнүндө" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.
7. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун айрым…Постановление · 25.07.2024 · № 423
- КР УӨ 2010-жылдын 12-июнундагы №79 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтун жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2010 · № 79 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 12-июнундагы №80 "Кыргызстандын өнүктүрүү институтун жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2010 · № 80 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун айрым…Постановление · 25.07.2024 · № 423
- КР УӨ 2010-жылдын 12-июнундагы №80 "Кыргызстандын өнүктүрүү институтун жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2010 · № 80 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 12-июнундагы №79 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтун жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2010 · № 79 · Күчүн жоготкон