# КР УӨ 2010-жылдын 14-июнундагы №83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 14-июнундагы №83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14550/edition/414500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 14-июнундагы №83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (14.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92412

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 14-июну УӨ №83 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл округунун Чырпыкты айылынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы №406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи абзацындагы "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" деген сөздөр "Калктуу конуштардын жерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пункта:

төртүнчү абзац алып салынсын; бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын курулуш нормаларына жана эрежелерине жана колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык которулуучу жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.".

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
