Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УӨ «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы № 406 «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 14-июну УӨ №83 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл округунун Чырпыкты айылынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы №406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацындагы "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" деген сөздөр "Калктуу конуштардын жерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункта:
төртүнчү абзац алып салынсын; бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын курулуш нормаларына жана эрежелерине жана колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык которулуучу жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.".
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.