# КР УӨ 2010-жылдын 12-июнундагы №81 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттик жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 12-июнундагы №81 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттик жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92411>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14549/edition/414495/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92411.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 12-июнундагы №81 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттик жөнүндө" токтому (12.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92411

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы №406 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-июну УӨ №81 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттик түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттиги жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2010-жыл үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттиктин уюштуруу, каржылык жана башка маселелерин чечсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
