# КР УӨ 2010-жылдын 12-июнундагы №79 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтун жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 12-июнундагы №79 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтун жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14547/edition/414481/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 12-июнундагы №79 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтун жоюу жөнүндө" токтому (02.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92409

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-июлундагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-июну УӨ №79 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтун жоюу жөнүндө Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, республикалык бюджеттин чыгымдарын азайтуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси жоюу комиссиясын түзүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтун жоюуга байланышкан тийиштүү иштерди жүргүзүүнү тапшырсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.

4. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
