# КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №74 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 43 "Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №74 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 43 "Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14545/edition/414398/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №74 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 43 "Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (10.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92407

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 10-июну УӨ №74 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 43 "Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушун өз учурунда каржылоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы №43 "Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 1230,0 (бир миллиард эки жүз отуз) миллион сом суммасындагы каражат капиталдык салымдарды жана Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушун каржылоо үчүн республикалык бюджетке которулсун.".

2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
