# КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №73 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун каражаттарын топтоонун жана пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №73 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун каражаттарын топтоонун жана пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92406>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14544/edition/414352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №73 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун каражаттарын топтоонун жана пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (10.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92406

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 10-июну УӨ №73 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун каражаттарын топтоонун жана пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-апрелиндеги №20 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фонду жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун каражаттарын натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун каражаттарын топтоонун жана пайдалануунун тиркелген Тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондун түзүү жана анын иштеши боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
