# 9-статья. Калктуу конуштарды калдыктардан тазалоого коюлуучу талаптар

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/924)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 89 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 августа 2023 года № 181 "Об отходах производства и потребления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-879/edition/1277327/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/924/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 9-статья (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-9

---

1. Калктуу конуштун аймагы калдыктардан дайыма тазаланып турууга тийиш.

2. Баалуу компоненттерди өз-өзүнчө чогултууну, аларды убактылуу сактоону, дайыма ташып чыгууну жана зыянсыздандырууну караган калдыктарды чогултуунун сарамжалдуу тутумун уюштурууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт жана ал санитардык эрежелердин, гигиеналык жана экологиялык ченемдердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

3. Калктуу конуштардын аймагын күтүүнүн белгиленген эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышына контролдукту жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы мамлекеттик контролдукту жүзөгө ашырган органдар камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-10)
