# 8-статья. Калдыктарды жайгаштырууга коюлган талаптар

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/924)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 89 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 августа 2023 года № 181 "Об отходах производства и потребления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-879/edition/1277327/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/924/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 8-статья (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-8

---

1. Айлана-чөйрөнүн булганышынын булагы болуп калышы күмкүн болгон калдыктарды өз алдынча жайгаштырууга, ошондой эле аларды ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана калктуу конуштардын аймагында өрттөөгө тыюу салынат.

2. Айлана-чөйрөнүн булганышынын булагы болуп саналган калдыктар атайын полигондордо же калдыктарды жайгаштыруу үчүн башка бөлүнгөн жерлерде жок кылынууга, кайра иштетилүүгө, тазаланууга, сакталууга же көмүлүүгө, болбосо атайын орнотмолордо өрттөлүүгө тийиш.

3. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн объекттерди куруунун ордун тандоону мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары (зарыл учурларда коомдук пикирди эске алуу менен) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда экологиялык, геологиялык, гидрогеологиялык жана башка изилдөөлөрдүн негизинде компетенттүү органдын талаптарына ылайык аныктайт.

4. Калдыктар көмүлгөн жер калдыктар кадастрына киргизилет.

5. Калдыктарды көмүү учурунда ал көмүлгөн жердин мониторинги милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Мониторинг компетенттүү орган менен макулдашылган тартипте калдыктарды жайгаштыруу объектинин менчик ээси тарабынан жүргүзүлөт.

6. Калдыктарды жайгаштыруу объектинин менчик ээси бул объектти (же участкаларды) кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-9)
