# 7-статья. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү пайдалануу учурундагы талаптар

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/924)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 89 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 августа 2023 года № 181 "Об отходах производства и потребления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/924#diff=1277329..1277330>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-879/edition/1277327/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/924/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 7-статья (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-7

---

1. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү пайдалануунун жүрүшүндө юридикалык жана жеке жактар:

топтолгон калдыктарды инвентарлаштырууну жүргүзүүгө жана ишенимдүү маалыматты расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга жана компетенттүү органга берүүгө; калдыктар менен иштөө жаатындагы өндүрүштүк контролду жүргүзүүгө; калдыктар менен иштөө боюнча зарыл маалыматты компетенттүү органга берүүгө; авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча талаптарды сактоого; экологиялык терс кесепеттери бар өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда бул жөнүндө компетенттүү органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка тез арада маалымдоого; калдыктарды транс чек аралык ташуу учурунда Коркунучтуу калдыктарды транс чек аралык ташууга жана аларды жок кылууга контролдук жөнүндө Базель конвенциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарын жетекчиликке алууга милдеттүү.

2. Экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жок кылынбай турган коркунучтуу калдыктар топтолгон өндүрүштөрдү пайдаланууга тыюу салынат.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/924/st-8)
