7-статья. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү пайдалануу учурундагы талаптар
Күчүн жоготкон · 15.08.2023 редакциясы · III Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 августа 2023 года № 181.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2019 года № 83
1. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү пайдалануунун жүрүшүндө юридикалык жана жеке жактар:
топтолгон калдыктарды инвентарлаштырууну жүргүзүүгө жана ишенимдүү маалыматты расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга жана компетенттүү органга берүүгө; калдыктар менен иштөө жаатындагы өндүрүштүк контролду жүргүзүүгө; калдыктар менен иштөө боюнча зарыл маалыматты компетенттүү органга берүүгө; авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча талаптарды сактоого; экологиялык терс кесепеттери бар өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда бул жөнүндө компетенттүү органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка тез арада маалымдоого; калдыктарды транс чек аралык ташуу учурунда Коркунучтуу калдыктарды транс чек аралык ташууга жана аларды жок кылууга контролдук жөнүндө Базель конвенциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарын жетекчиликке алууга милдеттүү.
2. Экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жок кылынбай турган коркунучтуу калдыктар топтолгон өндүрүштөрдү пайдаланууга тыюу салынат.
(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/924/st-7" title="7-статья - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>